Жаңылыктар

«Керемет Банк» кардарларга бейтааныш адамдарга жеке маалыматтарын билдирбөөнү суранат!

26 чын куран 2024

«Керемет Банк» ААКнын урматтуу кардарлары!

Акыркы убакта Кыргызстандын тургундарынын акчасын алдап алып коюу максатында, кара ниеттүү адамдар чалышып,  өздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же коммерциялык банктардын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, ар кандай шылтоолор менен жеке маалыматтарын, карта реквизиттерин, CVV/CVC коддорун жана башка маалыматтарын берүүсүн суранган алдамчылык фактылары көбөйдү.

Ушуга байланыштуу «Керемет Банк» ачык акционердик коому сак болуп, белгисиз адамдарга жеке маалыматтарды бербөөңүздү өтүнөт. Эгерде, алар өздөрүн биздин финансы мекеменин кызматкерлерибиз деп аташса, анда алардын аты-жөнүн, фамилиясын жана кызмат ордун сураңыз, андан кийин төмөнкү телефон номерлери боюнча Банктын байланыш борборуна байланышыңыз:  0 (996) 312 55 44 44, 0 (996) 703 55 44 44, 0 (996) 997 55 44 44, 0 (996) 227 55 44 44,  Whatsapp аркылуу 0 (996) 557 55 44 44 (билдирүүлөр үчүн гана) же  call-center@keremetbank.kg электрондук дарегине кат  аркылуу кайрылыңыз.

«Керемет Банк» банк кызматкерлери эч качан Сиздин жеке маалыматыңызды: картаңыздын реквизиттерин, анын ичинде CVV/CVC коддорду сурабай тургандыгын эскертет.


close