Иштиктүү өсүш

Иштиктүү өсүш

Иштиктүү өсүш

Деловой рост

БИЗНЕС ҮЧҮН КАРАЛГАН "ИШТИКТҮҮ ӨСҮШ" НАСЫЯСЫ - БИЗНЕСИҢИЗДИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ ҮЧҮН!

"Керемет Банк" ААК бизнесин өнүктүрүү үчүн өз кардарларына "Иштиктүү өсүш" насыясын колдонууну сунуштайт. Насыянын максаты – жүгүртмө жана негизги каражаттарды толуктоо, ошондой эле капиталдык чыгымдарды каржылоо.

Эгерде, Сизге карыз алуу ресурстарынын зарыл болгон өлчөмүн алуу үчүн күрөөлүк камсыздоо жетишпей жатса, бизнес-насыянын 50 пайзына чейинки кепилдикти тариздөө аркылуу "Керемет Банк" менен "Кепилдик фондунун" биргелешкен сунушунан пайдаланыңыз.

Насыяны кимдер ала алат? Үзгүлтүксүз түрдө кеминде 6 ай иштеген туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер жана юридикалык жактар
Насыянын суммасы* 10 000 сомдон 70 000 000 сомго чейин
Пайыздык ченемдер** (жылдык) сом менен 18.5%дан жогору
Насыянын мөөнөт 60 айга чейин

“Ишкерлик өсүш” өндүрүмүнүн чегиндеги коммерциялык максаттар боюнча АКЦИЯ***

Суммасы мөөнөтү (ай) % коюму
300 000 KGS чейин 18 24
300 000 - 1млн. KGS чейин 24 19

***Акциянын өткөрүү мөөнөтү 2022-жылдын 15-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин

Максатуу милдет
  • Сатып алуу/ оңдоо/ негизги каражаттарды реконстркуциялоо;
  • Коммерциялык максат үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу;
  • Жүгүртмө акча каражаттарын толуктоо;
  • Насыяларды кайра каржылоо;
  • Агробизнести өнүктүрүү (мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба ж.б. керектөөлөр үчүн жумуштарды төлөө);
Камсыздоо
  1. 100 000 KGS /1500 USDга чейинки насыялар боюнча күрөө жана кепил талап кылынбайт;
  2. 100 001ден 200 000 KGS чейинки насыялар боюнча күрөө талап кылынбайт, кепилдин болуусу шарт;
  3. 200 001 KGSдан 300 000 KGS чейинки насыялар боюнча кыймылдуу мүлк жана кепил же кыймылсыз мүлктүн болуусу шарт;
  4. 300 000 KGS чейинки насыялар боюнча күрөө – кыймылдуу мүлк, кыймылсыз мүлк жана кепилдиктин болуусу шарт.

  5. *Банкка экинчи ирет кайрылып жаткан жана оң мүнөздөгү насыя таржымалына ээ кардарлар үчүн күрөөлүк камсыздоону талап кылбаган насыя суммасы 300 000 KGS чейин.

Насыяны жоюу шарттары
  1. Ай сайын төлөм аткаруунун негизинде аннуитенттик төлөмдөр менен;
  2. Тең үлүш менен ай сайын төлөм аткаруунун негизинде жоюу;
  3. Ийкемдүү график (бизнес сезондуу болгон учурда ар бир айга жеке төлөм аткаруу графигин орнотуу мүмкүн);
  4. Насыянын негизги бөлүгүн жоюу боюнча мөөнөттү узартууга мүмкүн.

*КРУБ Башкармалыгынын 2016-жылдын 10-февралындагы №7/3 Токтомуна ылайык насыялар жеке ишкердикти күбөлүк же патенттин негизинде жүргүзгөндөргө чет өлкө валютасында берилиши
** Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 19,56% KGS башталат.

Бизнес-насыялоо жаатындагы суроолор боюнча Сиз банктын каалаган филиалдарына же төмөнкү телефон номуру аркылуу Контакт борборго кайрылсаңыз болот: 996 (312) 55 44 44.

Насыяңызды эсептеңиз

Зарыл сумма

Насыянын мөөнөтү (ай)

660

Бул эсептөөлөр болжолдуу болуп эсептелет, так эсептерди сизге банктын каалаган филиалынан беришет.

close