Операциялык тобокелдер боюнча тобокел-менеджер
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 27 тогуздун айы 2020
Кызматы:
Операциялык тобокелдер боюнча тобокел-менеджер
Талаптары:
- математикалык моделдөө, экономика же бизнести башкаруу, банк иши жаатындагы жогорку билим
- Кыргыз Республикасынын банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдык жана башка ченемдик-укуктук актыларын билүү
- корпорациялык башкаруу принциптерин жана негизги бизнес процесстерди (насыялар, депозиттер, төлөм тутумдары, каржы, казыналык операциялар, маалыматтык тутумдар) билүү, ошондой эле бул процесстердеги негизги тобокелдерди жана текшерүүлөрдү түшүнүү
- маалыматтын чоң массиви менен иштөө көндүмдөрү
- негизги кеңсе тиркемелерин жана автоматташтырылган эсеп-кысап программаларын билүү
- каржылык-насыялык мекемелерде (банктарда, МКУдарда) 2 жылдан кем эмес иштөө тажрыйбасы
- англис тилин минимум Intermediate деңгээлинде билүү.
Милдеттери:
- статистикалык маалыматтарды талдоо
- талдоочулук көрсөткүчтөрдү эсептөө жана даярдоо
Резюмени төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүү зарыл: hrm@keremetbank.kg жана hrm@rib.kg
* Банк аңгемелешүүгө көбүрөөк туура келген кандидаттарды чакыруу укугун өзүндө калтырат