Чекене насыялоону өнүктүрүү боюнча менеджер
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 21 кулжа 2021
Кызматы:
Чекене насыялоону өнүктүрүү боюнча менеджер
Квалификациялык талаптар:
- Жогорку экономикалык/финансы тармагындагы билими;
- Каржылык-банк тармагындагы 3 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз ишмердиги;
- Инновациялык мүнөздөгү чекене өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу жана жайылтуу тажрыйбасы;
- Аналитикалык жана кескин ой жүгүртө билүү, стресстик кырдаалдарга туруштук бере билүү, креативдүү ой жүгүртүү;
- КРнын банк тармагындагы мыйзамдарын жана КР Улуттук банкынын талаптарын билүүсү;
- MS Office (Word, Excel) пакетин тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде билүүсү.
Негизги милдеттери:
- Чекене мүнөздө насыялоо боюнча жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- Инновациялык технологияларды насыялоо тармагына, ошондой эле онлайн насыялоого киргизүү;
- Скорингдик моделдерди иштеп чыгуу;
- Чекене мүнөздөгү насыялык өндүрүмдөргө мониторинг, баалоо жана салыштырма анализ өткөрүү;
- Банктын ченемдик жана методикалык материалдардын иштеп чыгууга катышуу.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат