Комплаенс контроль бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Комплаенс контроль бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Комплаенс контроль бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Аймак:: Бишкек шаары

Жарык көргөн күнү: 24 бугу 2021

Кызматы:

Комплаенс контрол башкармалыгынын Комплаенс контроль бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  

Талаптары:

  • жогорку экономикалык жана/же юридикалык билими;
  • адистиги боюнча кеминде 3 жылдык иш стажы, анын ичинде банк тармагында 3 жылдан кем эмес, комплаенс контрол бөлүмдөрүндөгү милдеттүү түрдөгү иш стажы;
  • банктык ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жаатындагы иш тажрыйбасы жана билими,
  • банктык өндүрүмдөрдү, операцияларды, кызматтарды, кардарлар менен болгон операцияларды жана банк иши үчүн мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктерди, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш-аракеттерди мыкты билүүсү (мындан ары - ТИКК/ККЛ).
  • мыкты аналитикалык жөндөмдөрү, бир эле учурда бир нече тапшырманы аркалай билүү көндүмдөрү, жоопкерчилик, окуп-билим алуу жөндөмдүүлүгү.

 Милдеттери:

  • ГСФРге билдирүүлөрдү жөнөтүү;
  • мониторинг жана кардарлардын операцияларына анализ өткөрүү, кардарлардын ишиндеги  шектүүлүк белгилерин аныктоо;
  • кардарларды тейлөөгө онлайн мониторинг өткөрүү;
  • Банктын ички ченемдик документтерин, ТИКК/ККЛ боюнча окутуучу курстарды/материалдарды иштеп чыгууга катышуу;
  • окуу, тестирлөө иштерин өткөрүү, ТИКК/ККЛ боюнча, анын ичинде кардарды тиешелүү түрдө текшерүү жана ички контролду тобокел-ориентациялуу ыкма боюнча жүзөгө ашыруу боюнча Банк кызматкерлерине консультация берүү.

Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр

*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат

Анкета толтуруу

Бaардык бош орундарды көрүү

close