Менеджер-кассир-операционист Ош филиалы
Аймак:: Ош облусу
Жарык көргөн күнү: 21 бирдин айы 2022
Кызмат орду:
Менеджер-кассир-операционист Ош филиалы
Талаптары:
- жогорку экономикалык билиминин болуусу;
- банк тармагындагы кеминде бир жылдык иш стажы;
- ПК тажрыйбалуу колдонуучусу.
Талапкер билүүсү керек:
- КР мыйзамдары, КРУБдун ченемдик-укуктук актылары жана Банктын ИЧДлары;
- эмгекти коргоо эрежелери жана нормалары, коопсуздук жана өрттөн коргоо эрежелери;
- ишкердик байланыштын этикасы, ишкердик байланыштарды түзүү жана сүйлөшүү тартиби.
Милдеттери:
- Кардарлардын сапаттуу операциялык-кассалык тейлөөгө алынуусун камсыз кылуу;
- Операциялык бөлүмдүн кардарларына консультация берүү;
- Кросс-сатууларды өткөрүү;
- Кардарларды тейлөөдө кызмат көрсөтүү стандарттарын сактоо;
- Карталык операцияларды жүргүзүү маселеси боюнча Кардарларга консультация берүү жана аларды тейлөө;
- Эл аралык акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн жана алынган каражаттарды которуу жана берүү;
- Кардарларга – жеке жактарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;
- Кардарлар тууралуу маалыматтарды «кара тизмеден» текшерүү.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат