Баткен облусу үчүн жеңилдетилген насыялар

Баткен облусу үчүн жеңилдетилген насыялар

*Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ОЧБга каржылык колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында

Насыялоо валютасы                 Кыргыз сому
Насыянын көлөмү                    10 000 000 сомго чейин
Насыянын пайыздык чени    жылдык 0% дан 3%га чейин
Аракеттенүү мөөнөтү               60 айга чейин
Насыяны кимдер ала алат?  20 жаштан 65 жашка чейинки курактагы жеке ишкерлер (насыяны толук жабуу мезгилине карата) жана насыя алуу үчүн арыз калтырганга чейин кеминде 6 ай бою иштеп келе жаткан жана Баткен облусунун аймагында жайгашкан туруктуу бизеси бар юридикалык жактар.
Максаттуу багыты
  • Айыл чарбасы;
  • Туризм;
  • Транспорт;
  • Медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү;
  • Соода-сатык;
  • Кызмат көрсөтүү тармагы;
  • Билим берүү тармагы;
  • Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • Өнөр жай;
  • Экспорт багытындагы жана импорт алмаштыруучу ишканалар;
  • Соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар;
  • Инновациялык ишмердүүлүк (жаңы ишканаларды же ишкерликтин жаңы багыттарын түзүү);    
  • Маалымат технологиялары. 
Максаттуу багыты:
  • Айыл чарбасындагы мал-жандыктар жана канаттуулар үчүн тоют сатып алуу жана даярдоо, ошону  менен бирге мал чарбасын түзүү, өнүктүрүү, кеңейтүү багуу менен байланышта болууга тийиш;
  • Туризмди өнүктүрүү менен байланыштуу болууга тийиш;
  • Негизги каражаттарды алуу, жаңылоо, модернизациялоо, ошондой эле комплектөөчү жана запастык бөлүктөрдү сатып алуулар менен байланыштуу болууга тийиш;
  • Негизги жана айланма каражаттарды сатып алуу, ошондой эле эмгек акыны төлөө фондун каржылоо өңдүү өндүрүштүк циклдин бардык этаптарын каржылоо;
  • Санариптик компоненттерди колдонуучу ишкерлер тарабынан товарлардын, чийки заттардын, комплектөөчү бөлүктөрдүн сатылып алынышы (электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМдер, товарларды маркировкалоо);  
  • Өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын насыяларын кайра каржылоо*;
  • Программалык камсыздоолорду ж.б. сатып алуу.

*Карыз алуучулардын мурда жүзөгө ашырылган «Айыл чарбасын каржылоо» жана  «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорлорунун алкагындагы карыздарын кайра каржылоого жол берилбейт.

Төмөнкү даректерге кайрылып кеңири маалымат алууга болот: 

Баткен облусу, Кадамжай району, Кадамжай ш,  А.Жалилова көч, 12 А

Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., Молодежная көч., н/ж («Айбек» базарынын кесилиши) 1-кабат

Баткен облусу, Баткен ш,  Нургазиев көч,26

Маалымат үчүн телефондор:

0 3622 50 3 08, 

0 312 55 44 44.

close