Корреспонденттик лоро эсептерин ачуу жана жүргүзүү

Корреспонденттик лоро эсептерин ачуу жана жүргүзүү

Лоро эсеби – корреспонденттик мамилелердиорнотууга түзүлгөн Келишим аркылуу ишке ашырылчу операцияларды жүргүзүү үчүн «Керемет Банк» ААКнын балансында контрагент банктын атына ачылган эсеп.

"Керемет Банк" ААК контрагент банктарга кыргыз сому (жергиликтүү эмес банктар үчүн), орус рублу, акш доллары, евра ж.б. валюта менен корреспонденттик эсептерди котрагент банктын суроо-талабына багытталган тейлөөнүн ийкемдүү шарттарында, эсептерди жана операцияларды жүргүзүүгө пайдалуу тарифтерди колдонуу менен ачууну сунуштайт.

«Керемет Банк» ААКда корреспонденттик эсеп ачуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

1. Корреспонденттик эсеп ачып жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү.

2. Корреспонденттик эсеп ачуу үчүн бардык зарыл документтерди банкка тапшыруу:

  • Корреспонденттик эсеп ачуу жөнүндө арыз, үлгү боюнча;
  • Кардардын – Насыя уюмунун анкетасы;
  • Колдордун жана мөөрлөрдүн үлгүлөрүнүн баракчасы эки нускада (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • Түзүүчү документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • Респонденттин банк операцияларын жүргүзүү укугуна карата банк лицензиясынын көчүрмөсү (нотариус тарабынан же Респонденттин жайгашкан өлкөсүнүн-жеринин Борбордук (Улуттук) банкы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • Мурунку каржы жылы боюнча (аудит менен ырасталган) жана акыркы отчеттук күн боюнча (Респонденттин жоопту кызматкери менен күбөлөндүрүлгөн) каржылык отчет;
  • Респонденттин юридикалык тарап катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тастыктоочу күбөлүк (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • Респондент насыялык уюмдун филиалы болгон учурда – филиал жөнүндө Жобонун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • Колдор менен мөөрлөрдүн үлгүлөрү көрсөтүлгөн баракчадагы кызмат адамдарынын ыйгарымдарын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (нотариус же Респонденттин жоопту кызматкери күбөлөндүргөн);
  • Келишимге кол койгон тарапка берилген ишеним кат, эгер ал тараптын ыйгарымдары Уставда жазылган эмес болсо же колдор менен мөөрлөрдүн үлгүлөрү көрсөтүлгөн баракчада анын колу жок болсо;
  • Корреспонденттик мамилелерди орнотуу жөнүндө Респонденттин ыйгарымдыы тарабы кол коюп өз мөөрү менен тастыктаган келишим;
  • Кардардык терминалдын системаларынын таблицалары менен телекс ачкычтарын жана\же дискеттерин (смарт-карталарын) алуу милдети ыйгарылган адамга берилген ишеним кат (тараптардын макулдашуусу менен);
  • Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эле аралык банк практикасынын ченемдерине ылайык талап кылынышы мүмкүн болгон башка документтер;
  • Бардык документтердин нотариус тарабынан тастыкталган орус тилиндеги расмий котормосу болушу керек. Респондент катталган мамлекет менен Кыргыз Республикасынын ортосунда нотариалдык тастыкталган документтердин аныктыгы жөнүндө эл аралык келишим жок болгон шартта Респондент Банкка жогорудагы документтерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү элчилигинде (консулчулугунда) мыйзамдашылган түрдө тапшырат.

Корреспонденттик эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн, эсептин ээси банкка атайын байланыш каражаттарын: SWIFT, Телексти пайдалануу менен бериле турган төлөм тапшырыктарын «Керемет Банк» ААКга бериши керек.

Байланыш үчүн:

720001, Бишкек ш., Тоголок Молдо к., 40/4 Телефону: + 996 (312) 55 44 44
Факсы: + 996 (312) 31 31 00

Корреспонденттик байланыш бөлүмү:

Омурова Эллира Сагынбековна 

Omurova_E@keremetbank.kg

close