
CONTACT төлөм тутуму 1999-жылдан бери иштейт жана Россиянын алгачкы акча которуу тутуму болуп эсептелет. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жайгашкан 500 миңден ашуун тейлөө пунктун өзүнө камтыйт.
Шарттары:
- Которуу валютасы: рубль (RUB), АКШ доллары (USD)
- Которуу үчүн комиссия *:
- Азербайжан, Өзбекстан - 1,2%
- башка жакынкы чет өлкөлөр** - 1%, эң көп дегенде - 1 000 руб/ 40$
- Эстония - 1,5%, эң көп дегенде - 2625 руб/ 75$
- Латвия, Литва - 2%
- Армения - 1,3%
- жакынкы чет өлкөлөр - 1%дан жогору
- Которуунун эң көп суммасы:
- жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика өлкөлөрү - 600 000 руб/ 20 000$
- алыскы чет өлкөлөр – акча жөнтүлгөн өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык
- Которуу тездиги – бир нече мүнөт
- Юридикалык тараптардын пайдасына акча каражатын жөнөтүүнүн кошумча мүмкүнчүлүгү ***;
- Которуунун статусу жөнүндө маалымат CONTACT тутумунун сайтында.
Маалымат катары!
Эми Contact тутуму боюнча Тажикстандын Улуттук Төлөм тутумунун «КОРТИ МИЛЛИ» карталарын толуктоого болот!
Картага чегерүү онлайн түрдө, эң пайдалуу базар шарттары боюнча Тажикстандын улуттук валютасына (сомони) конвертациялоо менен жүрөт:
- Кардардан комиссия: 0%
- Толуктоо валютасы: RUB, USD
Толуктоо лимиттери: 20 000 RUB, 300 USD
* тутумда орнотулган бирдиктүү тариф жок, которуу үчүн комиссия жөнөтүлгөн суммага, ал жөнөтүлгөн өлкөгө, о.э. акча жөнөтүлүп жатканда күчкө ээ атайын тарифтик сунуштарга ээ акцияларга жараша болот, андыктан которуу акысын ар бир акча жөнөтүп жатканда банктын бөлүмдөрүнөн билүү зарыл
** Тоолуу Карабахтын аймагында акча которуулар жүргүзүлбөйт
*** Юридикалык тараптардын тизмесмин банктын бөлүмдөрүндө тактоо зарыл