Эсеп-кысап жана каржылык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер

Эсеп-кысап жана каржылык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер

Эсеп-кысап жана каржылык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер

Аймак:: Ош облусу

Жарык көргөн күнү: 19 бугу 2020

Кызматы: 

Эсеп-кысап жана каржылык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер

Квалификациялык талаптар:

Талапкер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

  • жогорку экономикалык билимге ээ болуу;
  • банк чөйрөсүндөгү бир жылдан кем эмес иш стажысы;
  • ПКдин тажрыйбалуу колдонуучусу;
  • ишкер кат жазышууну жана ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш көндүмдөрүнө ээ болуу.

Талапкер билүүгө тийиш:

  • КРнын мыйзамдарын, КРУБнын ченемдик-укуктук актыларын жана Банктын ИЧДрин;
  • Бухгалтердик эсептин эсептеринин жана операциялык ишмердүүлүккө тийиштүү негизги эсептердин мерчемин;
  • эмгекти коргоонун эрежелери менен ченемдерин, коопсуздук жана өрткө каршы коргонуу техникасын;
  • ишкер баарлашуунун этикасын, иштиктүү байланыштарды түзүүнүн жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин.

Негизги милдеттери:

  • Банкта орнотулган бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү тартибине ылайык чарбалык-каржылык ишмердүүлүктүн бухгалтердик эсебин жана материалдык, эмгектик жана каржылык ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга, филиалга ишенип берилген каражаттардын сакталгандыгына көзөмөлдү уюштуруу;
  • Түшкөн акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын эсебин алуу, алардын кыймылы менен, ошондой эле филиалдын каржылык ишмердүүлүгүнүн чыгашалар сметасынын аткарылышы менен  байланышкан операциялардын бухгалтердик эсеби;
  • Каржылык, эсептик, насыялык операциялардын эсебин алуу жана алардын мыйзамдуу жана өз убагында таризделишине көзөмөл кылуу;
  • Акча каражаттарынын алардын максаттуу арналышына ылайык туура жана негиздүү чыгымдалуусуна көзөмөл кылуу.

Резюмени төмөнкү дарекке салуу зарыл: hrm@keremetbank.kg жана hrm@rib.kg 

* Банк көбүрөөк туура келген талапкерлерди маектешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат.

Анкета толтуруу

Бaардык бош орундарды көрүү


close