Аманаттар

Аманаттар

Аманаттар

БИЗ СИЗДИН САЛГАН АКЧАҢЫЗДЫ САКТАП ЖАНА КӨБӨЙТӨБҮЗ!

«Керемет Банк» ААКы, калктын банктык секторго ишенимин арттырган Депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат.

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, "Керемет Банк" ААКдагы жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин салымдары камсыздандырылган жана кепилдик учуру келип жеткен кезде милдеттүү түрдө калыбына келтирилүүгө жатат. Ошентип, кепилдик учуру келип жеткенде Депозиттерди коргоо фондунун эсебинен жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге, чегерилген пайыздарды кошо алганда, банкттагы баардык салымдардын жалпы суммасынан 1 000 000 сомго чейинки суммасы калыбына келтирилип берилет.  Чет өлкө валютасында кабыл алынган депозиттер суммасы, кепилдик учуру келип жеткен учурга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген эсепке алуу курсу боюнча улуттук валютада төлөнүп берилет. Эгерде, кайсыл бир валюта боюнча Улуттук банктын котировкалары (эсепке алуу курсу) жок болгон учурда, аталган валюта боюнча орточо курс кепилдик учуру келип жеткен күнгө карата кросс-курс аркылуу аныкталат.  

Депозиттерди коргоо системасы, коммерциялык банк банкрот болгон учурда аманатчыларга депозиттери боюнча компенсацияларды төлөп берүү жолу менен банктын аманатчыларынын таламдарын коргоону камтыйт.

«Керемет Банк» ААКда төмөнкү валюталарда аманат ачуу мүмкүнчүлүгүңүз бар: кыргыз сому (KGS), АКШ доллары (USD), орус рублу (RUB) же евро (EUR).

Жайгаштыруу шарттары:

  • Минималдуу суммасы - 5 000 KGS/RUB же 100 USD/EUR
  • Жайгаштыруу мөөнөтү - 3 айдан 36 айга чейин
  • Пайыздарды төлөө – ай сайын, мөөнөттүн башында же аягында
  • КРнын пенсионерлери үчүн салымдарды жайгаштыруу

«Керемет Банк» ААКунда банк эсептерин ачуунун жана жүргүзүүнүн эрежелери

close