Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун тартиби

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун тартиби

                                                              УРМАТТУУ КАРДАРЛАР!

Биздин эң башкы баалуулугубуз – бул Сиздер, биздин Кардарлар, андыктан биз Сиз менен кызматташуубуз мындан да ыңгайлуу жана оң натыйжалуу болушуна умтулабыз. Тейлөөнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу – бул биздин Банктын эң башкы милдети. Биздин Кардарлардын бардык кайрылуулары эн башкы орунда турат жана сиздин кайрылуунуз алдын ала жазылуусуз жана кабыл алуу графигин макулдашуусуз сиз кайрылган же каалаган филиалдын же сактык кассасынын жетекчилиги  тарабынан каралат. Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын караштыруу тартиби www.keremetbank.kg сайтында жайгаштырылган.

Эгерде Банктын иши боюнча кандайдыр бир сунуштарыңыз же каалоо-тилектериңиз болсо,  анда:  

  • күнү-түнү иштөөчү контакт-борборго кайрылыңыз: (0 312) 55 44 44;
  • WhatsApp номуруна жазыңыз: (0 557) 55 44 44;
  • call-center@keremetbank.kg электрондук почтаны пайдаланыңыз;
  • төмөнкү почта дарегине кат жөнөтүңүз: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч, 40/4;
  • даттануулар жана сунуштар китебине жазып калтырыңыз.

 Эгерде Сиз «Керемет банк» ААКнун жетекчилиги менен жолугушкунуз келсе, анда кабылдамадагы 0312 31 31 73 (кош.2301) телефон аркылуу жазылып  койсонуз болот.

«Керемет банк» ААКнун жетекчилеринин кардарларды кабыл алуу тартиби

Ээлеген кызматы

Жетекчинин аты жону

Кабыл алуу убактысы

Башкармалыктын Төрагасы

Мукушева Дамира Асыпбековна

Шаршемби 15:00-16:00

Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

Артыков Фархад Анварович

Шаршемби 16:00-17:00

Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

Алдибекова Назира Бауыржановна

Шаршемби 14:00-15:00

Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

Тултемиров Азиз Бактыбекович

Шаршемби 10:00-11:00

    Кайрылуунун түрүнө карабастан Сиз көрсөтүүңүз керек:

  • Фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • Дарек, байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почта);
  • Толук баяндоо менен кайрылуунун маңызын жана бар болсо далилдеген документтер менен (мисалы, арыз жазган дата, эсептин/картанын номери ж.б.);
  • Жазуу түрүндө кайрылууда жеке колду жана датаны коюу керек.

Сиздин кат менен кайрылууңузду кароо жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Сизге кайрылуу катталган күндөн баштап  отуз календардык күндөн кечиктирбей кабарлашат.

Ошондой эле чечимдин жыйынтыктарын Сиз call-center@keremetbank.kg  электрондук почтасына же 0 (312) 55 44 44 телефону боюнча ала аласыз.

ААК «Керемет Банк» керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу Жол-жобосу

«Керемет Банк» ААКнын ар бир филиалынан жана  сактык кассасынан Банктын ар жылкы жана ар кварталдык финансылык отчёту, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарынын тизмеси, КРУБдун негизги ченемдик-укуктук актылары, Банктын насыялоо процессин регламенттөөчү ички ченемдик документтери менен кеңири таанышып чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендигине көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз. 

Керектөөчүлөрдүн укуктары:

1. Сиз ФКМ (финансы-кредиттик мекемени) жана финансылык кызмат көрсөтүүнү эркин тандай аласыз.

2. Сиз кредит келишимине же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укуктуусуз.

3. Сиз кредит келишиминин тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус).

4. Сиз бардык тиркелүүчү документтери менен кредит келишиминин долбоорун колго алууга жана 1-3 күн аралыгында ФКМ чегинен тышкары кеңеш сурап кайрыла аласыз.

5. Сиз кредиттин шарттары жана баасы жөнүндө, төлөмдөр жана кредит боюнча эсептөөлөрдүн тартиби (пайыздар, туумдар, айыптар) жөнүндө, кредит келишими боюнча Сиздин укуктар жана милдеттер жөнүндө, ал боюнча тобокелдиктер, кесепеттер жана жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредиттин шарттары тууралуу башка маселелер жөнүндө толук маалыматты жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.

6. Кредит келишимине кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын иш жүзүндө алган учурга чейин Сиз кредиттен бекер баш тартууга укуктуусуз.

Банк кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана керектөөчүлөргө консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү суроолору боюнча КРУБ Куттуктоолору

Аталышы Дареги Телефон
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Бишкек ш., Чүй пр., 168

(0312)615278
Ош областтык башкармалыгы Ош ш., Курманжан Датка к., 119 (03222)48463
Нарын областтык башкармалыгы Нарын ш., Жамгырчы у. Абас к., 6 (03522)50472
Ысык-Көл областтык башкармалыгы Каракол ш., Токтогул к., 265 (03922)51253
Жалалабат областтык башкармалыгы Жалалабат ш., Эркиндик к., 13 (03722)23884
Талас областтык башкармалыгы Талас ш., Бердике Баатыр к., 291 (03422)52377
КРУБнын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Баткен ш., Т.Садыков к., 3 (03622)50446

close