Тарых

Тарых

Банктын биринчи ирет катталган датасы 2010-жылдын 20-декабры – «Залкар Банк» ААКсы, «АзияУниверсалБанк» («АУБ») ААКсы активдеринин жана милдетмелеринин базасында уюштурулган, алар уюштуруучунун жана «АУБдун» атайын администраторунун, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча ДЕБРА агенттигинин чечиминин негизинде жаңы Банкка өткөрүлүп берилген.

2013-жылы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-отурумунун чечиминин негизинде, мамлекеттик «Залкар Банк» ААКсынын акцияларынын 90 пайызы  россиянын «ИТБ Холдинг» ААКсына сатылган, акцияларынын 10% Мамлекеттик Мүлктү башкаруу боюнча фонд (ММБФ) аркылуу Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүндө калган. 2013-жылдын июнь айында «Залкар Банк» ААКсы фирмалык аталышы «Россия Инвестициялык Банк» («Росинбанк») ААКсы болуп өзгөртүлгөн.

2018-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Росинбанк» ААКсынын акциялар топтомунун негизги ээси болуп калган. 2019-жылдын август айында акционерлердин жалпы жыйналышынын чечими менен «Росинбанк» ААКсы аталышын «Керемет Банк» ААКсына өзгөрткөн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өтүү жүрүмү ишке ашырылып, 2019-жылдын 27-сентябрында ГПЮ №0037628 сериясындагы юридикалык жактын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө Күбөлүгүн алган. Фирмалык аталыштын өзгөргөнүнө байланыштуу 2019-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук же/жана чет өлкөлүк валютада банкетык операцияларды жүзөгө ашырууга укук берген - №049-Лицензия кайрадан таризделинип чыккан. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын ээлик кылуу үлүшү  97,45 пайызды түзөт, ал эми акциялардын калган бөлүгү миноритардык ээлик кылуучулар ортосунда бөлүштүрүлгөн.

2019-жылдын сентябрь айынан тартып Банк Кыргыз Республикасынын рыногунда , «Росинбанк» ААКсынын  укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин укук мураскорлугун алуу менен "Керемет Банк" ААКсы деген жаңы бренд алдында ишин улантып келүүдө.

close