Соода эквайринги

Соода эквайринги

ДҮКӨН АЧТЫҢЫЗБЫ? РЕСТОРАН САТЫП АЛДЫҢЫЗБЫ? МЕЙМАНКАНА САЛДЫҢЫЗБЫ? БИЗ СИЗГЕ ЖАРДАМ БЕРЕБИЗ!

«Керемет Банк» ААК сизге соода эквайрингин – кабыл алуучу банк карталарын товарлардын же кызматтардын акысын төлөөгө кабыл алууну тезирээк өздөштүрүүнү сунуштайт.

Төлөм карталарын кабыл алуу менен сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

  • картаны кармоочулардын накталай акчасыз төлөм жүргүзүүнү ыңгалуу көргөн жаңы категориясын тартуу;
  • товар/кызматтарды сатуунун көлөмүн көбөйтүү, себеби, колуна накталай акчаны кармабаган кардар накталай акчага караганда көбүрөөк коротот;
  • накталай акча кабыл алуу боюнча операцияларга байланышкан коопчулуктардан өзүңүздү коргой аласыз;
  • инкассацияга жана накталай акчаны сактоого кеткен чыгымдарды кыскартасыз.

«Керемет Банк» ААКда эквайрингдин артыкчылыктары:

  • эквайринг жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин 10 иш күн ичинде кызматка туташтыруу;
  • зарыл жабдууну акысыз орнотуу;
  • чыгымдалчу жана жарнамалык материалдарды акысыз берүү;
  • сиздин уюмдун кызматкерлерин акысыз окутуу;
  • тейлөө үчүн оптималдуу комиссия;
  • сиздин ишкананы эквайринг маселелери боюнча күнү-түнү кеңеш берүүчүлүк колдоо.

Кошумча сунуштар:

  • жабдууну сервистик тейлөө – акысыз;
  • банк кызматтарынын кенен спектри пайдалуу тарифтер менен;
  • ишкананы тейлөөгө карата жекече мамиле

Соода эквайринг  кызматын иштетүү маселелери боюнча Маркетинг жана сатуулар башкармалыгына +996 (312) 31 31 73 (кош. 2285) телефону аркылуу кайрылыңыз.

Эквайринг түйүндөрүн күнү-түнү колдоо Байланыш-борборунун +996 (312) 55 44 44 телефону аркылуу жүргүзүлөт.

close