Насыялар

Насыялар

Насыялар

БҮГҮНТӨН БАШТАП ЖАШООДОН ЫРАХАТ АЛЫП, БАКТЫЛУУ ЖАШАҢЫЗ!

«Керемет банк» ААКнын пайдалануучулук насыялары менен үйүңүздү оңдоо же автоунаа сатып алуу жөнүндө оюңуз оңой ишке ашат.

Артыкчылыктары:

  • Жеткиликтүү пайыздык чендер;
  • Акча каражаттарын алуунун ыкчам мөөнөттөрү.

 Алуучуга/Кепилдик берүүчүгө коюлуучу талаптар:

  • КРда эмгек же ишкердик аракеттерди жүргүзгөн КРнын резиденти;
  • Курагы – 20 жаштан жогору, насыяны төлөп берүү учурунда алуучунун курагы 65 жаштан ашпоого тийиш;
  • Эмгек стажы – 6 айдан кем эмес; 
  • Кеминде 6 ай иштеген бизнеси болушу керек (жеке ишкерлер үчүн).

Насыя берүү үчүн Алуучудан/Кепилдик берүүчүдөн талап кылынуучу документтер:

  1. Паспорттун көчүрмөсү;
  2. Кепилдик берүүчү менен Күрөө берүүчүлөрдүн паспортторунун көчүрмөсү;
  3. Жашаган жеринен маалымкат (зарылчылыка жараша);
  4. Акыркы 3/6/12 ай үчүн (насыялык өндүрүмгө жараша) эмгек маянасы жөнүндө маалым кат;
  5. Нике күбөлүгүнүн же ажырашкандыгы туурасында күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  6. Күрөөгө коюлчу мүлккө карата укугун аныктоочу жана укугун тастыктоочу документтер;
  7. Ижарага алынган жайлар/аянттар жөнүндө документтердин көчүрмөсү (зарылчылыгына жараша);
  8. Насыя боюнча адис талап кылган, талдоо жүргүзүү үчүн зарыл башка документтер.

Кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөөнү камсыздоого талаптар**:

Насыяны камсыздоо боюнча кыймылсыз мүлктү кабыл алса болот, салынган жылына жана дубалдын материалына карата, таблицада көрсөтүлгөн шарттарга ылайык.

Кыймылсыз мүлктүн категориясы Дубалдын материалы Салынган жылы
Батирлер темир-бетон 1960 баштап
кирпич 1960 баштап
башка бардыгы 1980 баштап
Турак үйлөр кирпич 1960 баштап
саман куйган кыш  (чийки, сокмо) 1980 баштап
башка бардыгы 1980 баштап
Киши жашаганга ылайыкталбаган бөлмө
темир-бетон 1960 баштап
кирпич 1960 баштап
башка бардыгы 1980 баштап

**Күрөөнү камсыздоого, салынган жылы учурдагы таблицада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашкан кыймылсыз мүлктү берген учурда, Банк кошумча кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө коюуну талап кылышы мүмкүн. 

Банктын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин камсыздандыруу боюнча 2019-2020-жж. карата өнөктөш-компаниялары:

  • «Ингосстрах» ЖКАК
  • «Кыргызстан» КК ЖАК
  • «Мега Иншуренс Групп» ЖАК
  • "Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму" ААК

Керектөөчүлүк насыя маселелери боюнча Банктын бардык филиалдарына же +996 (312) 55 44 44 телефону аркылуу Байланыш борборуна кайрылсаңыз болот

НАСЫЯ АЛУУГА ӨТҮНМӨ КАЛТЫРУУ

Насыялык тарифтер


close