Маяналык долбоорлор

Маяналык долбоорлор

СИЗ ТАЖЫРЫЙБАЛУУ ЖЕТЕКЧИ КАТАРЫ ӨЗ УБАКТЫҢЫЗДЫ БААЛАП ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИҢИЗ ЖӨНҮНДӨ КАМ КӨРӨСҮЗБҮ? БИЗДИН БАНК ДАЛ СИЗ ҮЧҮН!

«Керемет Банк» ААК Элкарт, VISA же Union Pay карталарын пайдалануу менен маяналык долбоорлорду сунуштайт.

Сиздин уюмдар үчүн артыкчылыктар:

  • кызматкерлерге маяна берүү менен байланышкан чыгымдар кыскарат;
  • бухгалтердин иш күнү үнөмдөлөт, кассирлерди кармоого кеткен чыгым кыскарат жана алардын сапаты жакшырат;
  • маяна алууга турган кезек болбойт;
  • инкассацияга жана накталай акчаны жеткирүүгө чыгымдан үнөмдөлөт жана каражатты коргоого байланышкан коопчулуктардан оолак болосуз;
  • эмгек акысын төлөөнүн купуялуулук маселеси чечилет;
  • эсепте учурдагы оң калдыкка пайыз чегерүүнүн жана банк кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен кызматкерлер үчүн социалдык пакетти жакшыртуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Сиздин кызматкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр:

  • акча каражаттарын Бишкекте, о.э. өлкөнүн аймактарында кенен жана тез кеңейип келе жаткан банкоматтар менен POS-терминалдардын тармагынан алуу;
  • карта эсебиндеги акча каражаттарын күнү-түнү алуу мүмкүнчүлүгү;
  • карта боюнча жасалган чыгымдарды көчүрмөнүн жардамы менен көзөмөлдөө;
  • эсептеги учурдагы калдыкка пайыздардын чегерилишинин эсебинен кошумча киреше алуу;
  • дүкөндөрдө, супермаркеттерде, соода борборлорунда, ресторандарда ж.б. комиссиясыз акы төлөө;
  • өзү менен кошо ири суммадагы акча алып жүрүү зарылчылыгы жок жана капчыктын сактыгына тынчсызданбайт;
  • карта жоголуп же уурдалган учурда да өз акчаңызды жоготпойсуз, жөн гана картаны бууп салуу жетиштүү жана картада каражат коопсуз сакталат. Картадагы акчаны жоготуу же уурдоо мүмкүн эмес.

МАЯНАЛЫК ДОЛБООРЛОР ҮЧҮН ТӨЛӨМ КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА ТАРИФТЕР (сом менен)*

Кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү

ЭЛКАРТ

VISA Classic

VISA Gold

UPI Gold

Картанын колдонуу мөөнөтү 3 жыл

Негизги картаны чыгаруу үчүн комиссия

0

Тейлөө үчүн комиссия – биринчи жыл

100

0

1000 

1000

Тейлөө үчүн комиссия – экинчи жана кийинки жылдар

80

100

1000 

1000

СМС - кабарлоо (ай сайын) 30

“Керемет Банк» ААК банкоматтарында жана POS-терминалдарында (бөлүмдөрүндө) акча каражаттарын алуу

0-0,3% (уюм менен макулдашуу боюнча)

Келишимге ылайык 

Тарифтер менен кыйла кененирээк сиз бул жерден тааныша аласыз.

close