Эсеп ачуу

Эсеп ачуу

КЕРЕМЕТ БАНКТА ЭСЕПБУЛ ӨЗ АРА ПАЙДАЛУУ ӨНӨКТӨШТҮКТҮН НЕГИЗИ!

"Керемет Банк" ААКнун ийкемдүү тарифтер тутуму сизге оптималдуу шарттарга ээ заманбап деңгээлдеги сапаттуу банктык тейлөөгө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бизде эсеп ачуу менен, сиз Интернет-банкингдин жардамы менен өз каражаттарыңызды дүйнөнүн каалаган бурчунан башкара аласыз!

Юридикалык тараптар үчүн эсеп ачууга зарыл документтердин тизмеси:

  1. Юридикалык тараптар:

-  2009-жылдын 1-апрелине чейин катталган:

  • Юстиция органдары тарабынан катталган Устав (нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү). Эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык тараптар Уставдын ЭЭА дирекциясы тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн тапшырат;
  • Эгер болсо, Юстиция органдары тарабынан катталган түзүүчүлүк келишим (нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү). Эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык тараптар түзүүчүлүк келишим (эгер болсо) ЭЭА дирекциясы тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн тапшырат.

- 2009-жылдын 1-апрелинен кийин (бул күн кошо) катталган

  • Устав (юридикалык тараптын жетекчисинин колу жана мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 2010-жылдын 22-январынан тарта катталган каржы-насыялык мекемелер жана бардык саясий партиялар, дин уюмдары, башка коммерциялык эмес уюмдар Юстиция органдары тарабынан катталып, нотариалдык жактан тастыкталган Уставдын көчүрмөсүн тапшырат;
  • Эгер болсо, түзүүчүлүк келишим (юридикалык тараптын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). Эгер түзүүчүлүк келишим Юстиция органдарында катталган болсо, анын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү тапшырылат.

2. Юридикалык тараптын Юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү (юридикалык тараптын жетекчисинин колу жана мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү), Эркин экономикалык аймакта катталган юридикалык тараптар үчүн юридикалык тараптын ЭЭА субъекти катары эсептик каттоосун тастыктоочу күбөлүктү кошумча тапшыруу зарыл;

3. Эсеп ачууга колдордун жана мөөр тамганын үлгүсү коюлган баракчада көрсөтүлгөн, келишимдер менен каржы документтерине кол коюу ыйгарымына ээ, биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ тараптардын колу коюлган жана юридикалык тараптын мөөрү менен тастыкталган арыз;

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланышы керек болгон иш-аракет жүргүзүү укугун берүүчү лицензия (документтин түп нускасы берилет, эсеп ачып жаткан кызматкер анын көчүрмөсүн чыгарып алышы керек);

5. Банкта эсеп ачууга Борбордук казыналыктын уруксаты (республикалык же жергиликтүү бюджеттик уюмдар, ишканалар жана мекемелер үчүн);

6. Колдордун жана мөөр тамганын үлгүсү коюлган баракчада көрсөтүлгөн тараптардын юридикалык тарапка эсеп ачууга жана анын эсебиндеги акча каражаттарын башкарууга болгон ыйгарым укугун ырастоочу документтер (кардардын жетекчисинин колу жана мөөрү менен тастыкталган ишеним каттын түп нускасы, юридикалык тараптын жетекчисин дайындоо жөнүндө түзүүчүнүн\катышуучунун буйругунун жана чечиминин көчүрмөлөрү же жетекчини дайындоо\шайлоо жөнүндө түзүүчүлөрдүн\катышуучулардын жалпы жыйынынын протоколунун көчүрмөсү);

7. Акционердик коомдор төмөнкүлөрдү тапшырат:

  • Акционердик коомдун жетекчисин дайындаган Директорлор кеңешинин курамын шайлоо жөнүндө акционердин\акционерлердин жалпы жыйынынын чечиминин көз карандысыз реестр кармоочу тастыктаган көчүрмөсү, ал эми эгер акционердик коом Директорлор кеңеши жок иш алып барган болсо, акционердик коомдун жетекчисин дайындоо жөнүндө акционердин\акционерлердин жалпы жыйынын чечиминин көз карандысыз реестр кармоочу тастыктаган көчүрмөсү;
  • Коомдун жетекчисин дайындоо жөнүндө Директорлор кеңешинин протоколунун жетекчинин колу жана кардардын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү. 

8. Юридикалык тараптын каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктуу тараптардын ким экендигин тастыктоочу документтер (таанышуу үчүн түп нускасы көрсөтүлүп, башкы бетинин, катталган жери көрсөтүлгөн жана колу коюлган беттеринин көчүрмөлөрү алынат). Эгер ким экендигин тастыктоочу документ чет тилинде болсо, анын нотариалдык тастыкталган, орус тилиндеги котормосу кошо тапшырылат;

9. Салык каттоосунан өткөндүгү жана салык карызы жоктугу жөнүндө салык кызматы органынан далил кат;

10. Юридикалык жактын Социалдык фонддо катталгандыгын тастыктаган документ;

11. Юридикалык тараптын колунун жана мөөр тамганын үлгүсү коюлуп, нотариалдык тастыкталган баракча 2 нускада; 

12. ЭЭАда катталган юридикалык тараптар Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталгандыгын тастыктоочу документти кошумча тапшыруусу керек;

13. Юридикалык тарап болуп эсептелген кардар менен түздөн-түз байланышуусуз, аралыктан туруп операция жүргүзүү үчүн мамилелерди орнотууда Банк андан экономикалык иш-аракеттерин Кыргыз Республикасында жүргүзүп жаткандыгын тастыктоочу документтерин да сурашы керек (келишимдер, макулдашуулар, бажы декларациясы, салык декларациясы ж.б.).

Жеке ишкерлерге эсеп ачуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:

  1. Эсепти ачууга арыз;
  2.  Кардардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
  3.  Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, же мамлекеттик каттоосуз ишкердик ишмердүүлүк кылуу фактысын тастыктоочу документтин (патенттин) көчүрмөсү; 

"Керемет Банк" ААКнун эсептик-кассалык тейлөөсүнө тарифтер

«Керемет Банк» ААКунда банк эсептерин ачуунун жана жүргүзүүнүн эрежелери

ЮЖга эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеси

ЖИге эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеси

Чет элдик ЮТга эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеси

close