Башкармалык

Башкармалык

Дамира Асыпбековна Мукушева

Дамира Асыпбековна Мукушева

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын төрайымы

Дамира Асыпбековна Мукушева 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. Ал банк тармагында 30 жылдан ашык иштеп филиалдарды жана түзүмдүк бөлүмдөрдү башкарууда, ошондой эле стратегиялык жана башкаруу максаттарын ишке ашырууда бай тажрыйбага ээ. Ага жогорку кесипкөйлүгү, Кыргыз Республикасынын каржы тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн ведомстволук жана тармактык сыйлыктарды тапшырылган.

 

Назира Бауыржановна Алдибекова

Назира Бауыржановна Алдибекова

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары

Назира Бауыржановна Алдибекова

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары

Назира Бауыржановна Алдибекова 2004-жылы Т. Рыскулов атындагы Казак экономика университетинин (НАРХОЗ) экономика жана менеджмент факультетин аяктаган. 2019–2020-жылдары МУИТте «Project Management» багытында магистратураны өткөн. Ошондой эле, ал СПМРКнын стандарттарына ылайык сертификатталган долбоордук менеджеринин жардамчысы (сертификат 03.12.2019-ж. берилген).

Казакстан Республикасынын банк тармагында 20 жылдан ашык олуттуу иш тажрыйбасына ээ.

 

Азиз Бактыбекович Тултемиров

Азиз Бактыбекович Тултемиров

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары

Азиз Бактыбекович Тултемиров

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

Азиз Бактыбекович Тултемиров 2015-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин “Маалыматтык технологиялар” адистиги боюнча, ал эми 2019-жылы Москванын "Синергия" Финансы-өнөр жай университетин менеджмент адистигин окуп, эки дипломдун ээси. Ал маалыматтык технологиялар жана банктык IT тармагында кеңири тажрыйбага ээ. Буга чейин ал "Халык Банк Кыргызстан" ААК, "О!Банк" ААК жана "Бак Компаньон" ЖАКта жетекчилик кызматтарды ээлеп, IT стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, IT инфраструктурасын өнүктүрүү, киберкоопсуздук жана регулятордук талаптарга шайкештик үчүн жооптуу болгон.

 

Бурулкан Токтоналиевна Атамкулова

Бурулкан Токтоналиевна Атамкулова

Башкармалыктын мүчөсү – "Керемет Банк" ААКнын башкы бухгалтери

Бурулкан Токтоналиевна Атамкулова 1999-жылы Киев политехникалык институтун аяктаган. Ал банк тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ, анын 15 жылын "Керемет Банк" ААКда иштеп тажрыйбасын байытууда. Ал бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана банк ишин жөнгө салуу жаатында кеңири билимге ээ болуп, өзүн жогорку квалификациялуу адис катары көрсөтө алды.

 

Фархад Анварович Артыков

Фархад Анварович Артыков

"Керемет Банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары

Фархад Анварович Артыков 2009-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин “Экономист-менеджер” квалификациясына ээ болу менен “Ишкананы башкаруу экономикасы” адистиги боюнча окуган. 2016-жылы ошол эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде “Кылмыш-жаза укугу” адистиги боюнча юридикалык багытта окуп, “Юрист” квалификациясын алган. Ал банктык тобокелдиктер, финансылык көзөмөл, акчаны адалдоого каршы күрөшүү жана көйгөйлүү активдерди башкаруу боюнча кошумча кесиптик билим алып, сертификациядан өтүп тажрыйбасын байыткан.

Ал банк жана финансылык тармактарда, ошондой эле мамлекеттик финансылык көзөмөл органдарында иштеп кеңири тажрыйбага ээ. Банктык коопсуздук жана ички көзөмөл бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды ээлеп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана укук коргоо органдарында иштеген.

 


close