Контракттарды банктык коштоо

Контракттарды банктык коштоо

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесине жанаКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 _Келишимди банктык камсыздоо жөнүндө токтомуна ылайык, "Керемет Банк" ААКысы  мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо (КБК) боюнча кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Контрактты банктык коштоо – бул ыйгарымдуу банк тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде төмөнкүлөрдү камсыздоо:

  • төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • аталган контрактты аткаруунун алкагында жабдуучулар жана башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу контракт;
  • каражаттардын максаттуу сарпталышын контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсеп боюнча берүүчү жана ушул келишимди аткаруунун алкагында келишимди аткаруу процессине катышкан бардык башка жактар ​​тарабынан жүргүзүлгөн эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү;
  • контрактты банктык коштоо жыйынтыктарын сатып алуучу уюмдарга маалымдоо.

КБКны мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы колдоону максаты:

  • мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
  • сатып алуучу уюмдардын каржылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнундө контракттардын аткарылышынын айкындуулугун камсыздоо.

Документтердин типтүү формалары, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы контрактка карата банктык коштоону колдонуунун тартибин түшүндүрүүчү методикалык материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2025-жылдын 8-июлундагы буйругу менен бекитилген.

КБК кызматтары

Контрактты банктык коштоо кызматтарын көрсөтүүлөрдүн алкагында «Керемет Банк» ААК сатып алуучу уюмдарга жана жабдуучуларга төмөнкүдөй кызматтарды сунуштайт:

«КБК интерактивдүү отчёттуулугу» – "Керемет Банк" ААКсы тарабынан сатып алуучу уюмдарга көрсөтүлүүчү жана коштоочу келишимди аткаруу учурунда эсептешүүлөрдүн учурдагы абалын жана статистикасын көрсөтүүгө, ошондой эле интерактивдүү отчетторду үзгүлтүксүз түзүү, ошондой эле  эсептешүүлөрдүн мониторингинин жана коштоочу контракт боюнча акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын контролдоо жыйынтыктары жөнүндө топтомо маалыматтарды жүктөө үчүн арналган КБК кызматы.

«Негиздөөчү документтерди кабыл алуу порталы» - "Керемет Банк" ААК тарабынан жабдуучуларга көрсөтүлүүчү КБК кызматы. Ал аркылуу жабдуучулар Банкка которуулар үчүн жасалган табыштамалар боюнча негиздөөчү документтерди беришет.

КБС өндүрүмү жөнүндө жалпы бет ачар

Сатып алуучу уюмдар үчүн презентация

Сатып алуу жонундо документтерге киргизуу учун контрактты банктык коштоо жонундо талаптар

Товарларды берүүгө контракт

Ишти аткарууга контракт

Кызмат көрсөтүүлөргө контракт

Банктык коштоо жөнүндө келишим

Контракттын банктык коштоо өтүнмөсү

Интерактивдүү отчеттуулук кызматын колдонуу боюнча нускамалар

Которууга билдирмелер менен негиздөөчү документтерди Банка жөнөтүү схемасы

Кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча өтүнмө

Сатып алуучу уюмдарга берилүүчү суроолор



close