Мобилдүү банкинг/ Интернет банкинг

Мобилдүү банкинг/ Интернет банкинг

КЕРЕМЕТ БАНКтын МОБИЛДҮҮ БАНКИНГи – БУЛ ЭСЕПТИ КААЛАГАН УБАКТА КААЛАГАН ЖЕРДЕ КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ!

Кызматка кантип туташуу керек

  • Банктын сизди тейлөөчү бөлүмүнө келип, кызматка туташтыруу жөнүндө арыз жазыңыз (арыздын баракчасы банкта берилет). Жаныңызда паспорт болушу керек;
  • Логини бар тил кат алыңыз, жеке кабинетке кирүү үчүн шарт белги арызда көрсөтүлгөн номерге жөнөтүлөт.
  • Эгерде сиз катталганда ОРТ-код аркылуу аутентификация ыгын тандап алсаңыз, анда QR-код алуу зарыл (банк тарабынан берилет);
  • Google Authenticator мобилдүү тиркемени өз мобилдик жабдууңузга жүктөп орнотуп алыңыз;
  • Банктан алынган QR-кодду Google Authenticator жардамы менен скан аркылуу өткөрүңүз; 
  • Play Market же App Store аркылуу Керемет банк мобилдүү тиркемесин өз мобилдик жабдууңуздун операциялык тутумуна жараша жүктөп смартфонуңузга орнотуп алыңыз.

Жеке кабинетке кантип кирүү керек?

Жеке кабинетке биринчи кирүүдө (каттоо):

  • Өз смартфонуңузда орнотулган Керемет Банктын мобилдүү тиркемесин ачыңыз;
  • Банктан алган логинди жана SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлгөн шарт белгини* тиешелүү талааларга киргизиңиз;
  • Андан кийин SMS-билдирүүдөгү бир жолку кодду/бир жолку OTP-шарт белгини (англ. "one time password") киргизиңиз, ал Google Authenticatorдо генерацияланат да, аутентификациянын бир сеансы үчүн гана жарактуу болот, анткени Уюлдук тиркемедеги текшерүү терезесинде убакыттын белгилүү бир үзүмү менен чектелген.
  • Керемет банктын мобилдүү тиркемесине кирүү үчүн PIN-код түзүңүз. Аны эстеп калыңыз! Мындан ары PIN-код жеке кабинетке кирүү үчүн керек болот;
  • Банктын офистерине баруусуз эле жеке кабинетиңизге кирип, иштей бериңиз.

Жеке кабинетке андан аркы кирүүдө:

  • Өз смартфонуңузда Керемет банктын мобилдүү тиркемесин ачыңыз;
  • Өзүңүз түзгөн PIN-кодду териңиз;
  • Банктын офистерине баруусуз эле жеке кабинетиңизге кирип, иштей бериңиз.

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

  • Өз эсебиңиздеги акча каражаттарынын коопсуздугу үчүн логин, пароль, ПИН-кодду эч качан мобилдүү жабдык менен бирге сактабаңыз!
  • Логин, пароль, ПИН-кодду смартфондо сактабаңыз!
  • Жеке маалыматтарыңызга накталай акча каражаттарыңызга мамиле жасагандай аяр мамиле кылыңыз!

Кененирээк кеңеш алуу үчүн  +996 (312) 55 44 44 телефону аркылуу банктын Байланыш борборуна кайрылыңыз.

close