Документардык операциялар

Документардык операциялар

Документардык операциялар

ДОКУМЕНТАРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАР БУЛ ИШЕНИЧТҮҮЛҮК ЖАНА ЖОГОРКУ ИШКЕРДИК АБРОЙ!

«Керемет Банк» ААК банктык кепилдик жана аккредитив өңдүү документтик операциялардын жардамы менен өз кардарларына тобокелдерди минималдаштырууга жардамдашып, аларды эл аралык эсептешүүлөр чөйрөсүндө тейлейт.

БАНК КЕПИЛДИГИ – ал үчүн банк кепилдик берүүгө даяр болгон компаниянын төлөмгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ, ал келишимдин шарттары аткарылбаган учурда ал боюнча акчалай милдеттенмелерди аткарууну кепилдейт. «Керемет Банк» алардын арналышын, мөөнөттөрүн жана кардарлардын башка керектөөлөрүн эске алуу менен банк кепилдиктеринин кеңири спектрин берет.

БАНК КЕПИЛДИКТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ:

  • төлөм кепилдиги – насыяга берилген товар же көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарат;
  • авансты кайтарып берүү кепилдиги – алдын-ала акы төлөнгөн товар же кызматтар жеткирилбеген учурда чегерилген аванстын суммасынын ордун толтурат;
  • тендердик (конкурстук) кепилдик – тендерде жеңген компания буюртманы аткарбаган учурларды алдын алат;
  • контрактты аткаруу кепилдиги – келишимдин шарттарын бузуу үчүн «айып төлөмдүн» наркын кенемтелейт (товардын параметрлерин же жазылган мүнөздөмөлөрүн сактабаган, кепилдиктүү тейлөөдөн баш тарткан ж.б.у.с. учурларда);
  • контркепилдиктер – банктын башка банк-кепилдин астындагы ага коюлуучу кепилдикти каржылык камсыздоо милдеттенмеси;
  • бажы кепилдиктери – ишканалар-импортерлордун бажы төлөмдөрү менен жыйымдарын төлөөсүн камсыздайт.

БАНК КЕПИЛДИКТЕРИНИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же начар аткаруу боюнча тобокелдерди минималдаштыруу;
  • жаңы сатып өткөрүү базарларына минималдуу тобокел жана сарптоолор менен чыгуу мүмкүнчүлүгү;
  • коммерциялык насыялар боюнча пайыздык коюмдарга салыштырмалуу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөн наркы;
  • контрактты кара санатай аткаруу учурунда чыгаша тартуу тобокелисиз аванстык төлөмдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • милдеттенмелерди кепилдиктүү аткаруу кыйла пайдалуу баа шарттары жөнүндө келишүү ыктымалдуулугун жогорулатат;
  • акы төлөө мөөнөттөрү кирип келгенде жүгүртүү каражаттарын бошотуусуз банктык кепилдиктер астында насыя сызыгын ачуу мүмкүнчүлүгү;
  • кепилдик – милдеттүү талап болгон мамлекеттик тендерлерге жана сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгү.

АККРЕДИТИВ – бул банктын сатуучуга ал аккредитивдин шарттарына ылайык келген транспорттук жана коммерциялык документтер топтомун өз убагында берген учурда жөнөтүлгөн товар же көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө кепилдиги. Бул ыңгайлуу шайман, анткени келишимдин ар бир катышуучусу өз укуктары, милдеттери жана операциянын бардык катышуучуларына коюлуучу талаптар жөнүндө так элестетүүгө ээ болот.

 АККРЕДИТИВДЕРДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • тышкы экономикалык жана ички соода-сатыктык келишимдерди жүзөгө ашырууда тобокелдерди камсыздандыруу;
  • ар бир кардардын керектөөлөрүнө аккредитивдердин схемаларын жекече иштеп чыгуу;
  • бош каражаттар жок болгондо кыска мөөнөттүү каржылоонун ыңгайлуу шайманы;
  • соода-сатык келишими боюнча насыяга караганда төмөн пайыздык коюм менен каржылоо алуу мүмкүнчүлүгү;
  • банктар аркылуу келишимдин аткарылышын текшерүү мүмкүнчүлүгү жана товарларга өз убагында акы төлөө жана аларды жеткирүү кепилдиги;
  • документтер аккредитивдин шарттарына ылайык келбегенде сатып алуучу товарга акы төлөөдөн баш тарта алат.

Кененирээк маалымат үчүн Корреспонденттик мамилелер жана документтик операциялар бөлүмүнө +996 (312) 55 44 44 телефону же trade.finance@keremetbank.kg электрондук почтасы боюнча кайрылыңыз.

«Керемет Банк» менен чогуу сиздин бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаңы шаймандарды ачыңыз!

Документардык операциялар боюнча тарифтер

close