Эскроу эсеби

Эскроу эсеби

«Керемет Банк» ААК менен коопсуз бүтүм. «Керемет Банк» ААКнын кепилденген эскроу эсебин колдонуңуз

«Керемет Банк» ААК жаңы «Эскроу эсеп» кызматын ишке киргизди

Эскроу эсеби – сатуучу, кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуучу жана банктын (Кепилдик) ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде, сатып алуу/сатуу келишми катталгандан кийин сатуучунун ортосундагы эсептешүүлөрдү коопсуз жүргүзүү үчүн сатуучуга акча каражаттарын которуу максатында атайын ачылган эсеп. Аны шарттуу эсеби деп да атап коюшат, анткени ал белгилүү бир шарттар аткарылгандан кийин бир ээсинен экинчисине автоматтык түрдө өтөт.

Эскроу эсеби боюнча бүтүмдө үч тарап катышат:

  • Депонент-бул эскроу эсебин ачкан тарап (Сатып алуучу);
  • Бенефициар – бул бүтүмдүн шарттарын аткарса, акчаны ала турган тарап (Сатуучу);
  • Эскроу-агент(Кепилдик)- «Керемет Банк» ААК.

Эскроу эсебинин артыкчылыктары:

  • менчик укугу боюнча таандык болбогон тараптардын акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;
  • коммерциялык тобокелдиктерди азайтуу жана бүтүмдүн ийгиликтүү аяктоо ыктымалдыгын жогорулатуу;
  • жасалма документ, алдамчылыктын мүмкүн болуучу тобокелдиктерин максималдуу кыскартуу.

Эскроу эсебинин иштөө схемасы:

  1. Коммерциялык бүтүмдүн тараптарынын макулдашуусу боюнча Сатып алуучу Эскроу эсебин ачат;
  2. Банк бүтүм келишими түзүлгөнгө чейин бөгөттөгөн эсепке Сатып алуучу акча которот;
  3. Эсеп ачылгандан кийин Банк Сатып алуучуга Эскроу эсебинин ачылышы жана анда акча-каражаттын болушу тууралуу тастыктоочу маалымкат берет.
  4. Сатуучу коммерциялык бүтүмдү ыйгарым укуктуу мекемелерде (Мамкаттоо, нотариуста) тариздейт жана банкка Сатып алуучунун пайдасына кыймылсыз мүлктү каттоо фактысын тастыктаган документтерди берет.
  5. Сатуучу Мамлекеттик катоодон алынып Банкка берилген сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Эскроу эсебин жалгыз пайдалануу боюнча укугун өзүнө алат.

Талап кылынган документтер боюнча кошумча маалыматты «Керемет Банк» ААКнын кеңселеринен алууга болот.

Эскроу эсебинин тарифтери

Эскроу эсеп келишими

«Керемет Банк» – мүмкүнчүлүктөрдүн банкы!

«Керемет Банк» ААКнын байланыш борбору 24/7 тартибинде иштейт жана төмөнкү номерлер боюнча жеткиликтүү 0  312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же болбосо 0 (557) 55 44 44 WhatsApp номери аркылуу.


close