Корпоративдик башкаруу

Корпоративдик башкаруу

Корпоративдик башкаруу "Керемет Банк" ААКнун акционерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделет жана банкты башкаруунун натыйжалуулугун, активдердин наркын жогорулатууга, каржылык туруктуулукту сактоого, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана адамдык капиталдын өсүшүнө өбөлгө түзөт. 

Банкта корпоративдик башкаруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы корпоративдик башкаруу жөнүндө жобо" негизинде жүзөгө ашырылат.

Корпоративдик башкаруу – бул, банктын акционерлер, Директорлор кеңеши жана Башкармалыктын ортосундагы өз ара катыш тутуму:

  • банктын ишкердигинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана ошол максаттарга жетүүсүн контролдоону аныктоо;
  • банктын башкаруу органдарынын жана кызматкерлеринин банктын стратегиялык максаттарына жетүүсү үчүн зарыл болгон бардык иш-аракеттерди жүзөгө ашырышын камсыз кылган эмгек ишмердүүлүгүнө түрткү берүү;
  • банктын акционерлеринин, аманатчыларды кошо алганда, анын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жана банктын туруктуу өнүгүшүнө жетишүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле банктын ички документтеринин сакталышын камсыз кылуу.

Банктардагы натыйжалуу корпоративдик башкаруунун негизги компоненттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

  • банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенттүүлүктү жана отчеттуулукту бөлүштүрүү, банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын ишкердигинин натыйжалуулугун уюштуруу;
  • банктын өнүгүү стратегиясын аныктоо жана бекитүү, анын аткарылышына контролдукту жүргүзүү;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу;
  • кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана аларды сактоо;
  • банктын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Банкты башкаруунун жогорку органы болуп акционерлердин жалпы жыйыны саналат

Банктын директорлор кеңеши – акционерлердин жалпы жыйынынын ортосундагы мезгил аралыгында банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу орган. 

Банк Башкармалыгы банктын утурумдук операциялык ишкердигине жетекчиликти жүзөгө ашырат.

1. Директорлор кеңешинин Комитеттери

2. Банк Башкармалыгынын комитеттери

3. Тобокелдиктерди тескөө тутуму

4. Тобокел-менеджменти Башкармалыгы

5. Ички аудит Башкармалыгы

6. Корпоративдик катчы

Директорлор кеңешинин жаңылыктары

 

 

 

 

 

close