Ички аудит Башкармалыгы
"Керемет Банк" ААКсынын Ички аудит Башкармалыгы банк түзүлгөн биринчи күндөн тартып иш алып барып келет, Директорлор кеңешине отчеттуу көзкарандысыз түзүмдүк бөлүм болуп саналат. Башкармалыктын негизги ишкердигинен болуп, Аудит боюнча комитетке (комитет менен баракчага өтүү) жана Директорлор кеңешине банктын ички контролдук тутумунун жетиштүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун баалоо боюнча көзкарандысыз жана объективдүү маалыматтарды берүү жана башкаруу органдарына, банктын натыйжалуу жана коопсуз иш алып баруусун камсыздоосунда көмөк көрсөтүү саналат.
Ички аудит Башкармалыгынын начальниги - Мыктыбекова Асел Кермалыевна
![]() |
Банк тутумунда 22 жылдан ашык эмгек тажрыйбасына ээ. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университентин «Банктык бизнес» адистиги боюнча артычылык менен аяктап, бир нече жыл аралыгында «Толукбай» АКБсында эмгектенден, андан соң 12 жыл аралыгында «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКсынын Ички аудит кызматын жетектеген. 2014-жылы «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКсынын Банк Башкармалыгынын мүчөсү – Бизнести өнүктүрүү боюнча башкаруучу Директор кызматына дайындалып, корпоративдик кардарларды, орто жана чакан бизнес кардарларын жана жеке адамдарды насыялоо тармагына кураторлук кылган. 2016-жылы «Чанг Ан» Инвестициялык банк» ААКсынын Директорлор кеңешинин Төрайымы болуп шайланган, 2019-жылдын февраль айында Банк Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси катары "Керемет Банк" ААКсынын командасын толуктап, ал эми 2019-жылдын май айында – Ички аудит Башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалган. МСФО жана МСА сертификаттарынын ээси. |
Тел.: +996 (312) 55 44 44 (кошумча. 2031)
Эл. почта: amyktybekova@keremetbank.kg