Директорлор кеңешинин жаңылыктары
2026-жылы 31-мартта "Керемет Банк" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында жаңы Директорлор кеңешин шайлоо чечими кабыл алынды:
Исраилов Бакытбек Расылович 2-класстагы мамлекеттик жарандык кызмат кеңешчиси жана "Финансы жана экономиканын отличниги" төш белгиси менен сыйланган.
Ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ал Экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунда жана Финансы-кредиттик фонддо жетекчилик кызматтарды ээлеген, анын ичинде башкармалыктын начальниги жана аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.
2024-жылдан 2026-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы-кредиттик фонддун төрагасынын орун басары.
Калиева Арайлым Назаровна корпоративдик кредиттөө жана банк бөлүмдөрүн башкаруу жаатында 18 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар тажрыйбалуу банктык топ-менеджер.
2024-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын октябрь айына чейин "Керемет Банк" ААКнын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, кредит берүү, маркетинг жана бэк -офис тармактарын көзөмөлдөп иштеп келген.
Буга чейин ал Евразия банкында жана Сбербанкында (Казакстан) жетекчилик кызматтарды ээлеп, корпоративдик бизнести өнүктүрүү, кардарларды тартуу, бүтүмдөрдү түзүмдөө жана бизнес көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн жооптуу болгон.
Ал командаларды башкаруу, стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу, банк продуктыларын чыгаруу жана ири масштабдуу кредиттик бүтүмдөрдү коштоо жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.
Боронбаева Гульнара Сатаровна банк тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис, бухгалтердик эсеп, кредиттөө, ички аудит жана тобокел-менеджмент башкаруу жаатында терең тажрыйбага ээ.
Ал кесиптик карьерасын "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААКда баштаган, ал жерде экономисттен баштап, филиалдарды башкаруу, кредиттик мониторинг жана ички аудит сыяктуу тармактарда иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн.
Андан кийин ал карьерасын Mбанкта улантып, Методология бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп ички банк процесстерин жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү үчүн жооптуу болгон.
Тобокелдиктерди башкаруу, ички көзөмөл системаларын түзүү жана банктын методологиялык базасын өнүктүрүү жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.
Толугураак маалымат шилтеме аркылуу жеткиликтүү
https://keremetbank.kg/ru/about/directors
|
2021-жылдын 2-ноябрында "Керемет Банк" ААКда жаңы Директорлор кеңеши иштей баштады. Анын курамына: Абдыкадыров Калыбек Джусукеевич, Давлесов Айбек Насырович, Мамытова Кастору Касымбековна, Карпович Станислав Евгеньевич, Сейткасымова Раушан Рыскулбековна киришти. Чечим акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды. "Керемет Банк" ААКдын Директорло кеңешинин төрайымы болуп Мамытова Кастору Касымбековна шайланды. |
|
2021-жылдын 19-августунда Директорлор кеңеши стратегиялык документ болуп саналган «Керемет Банк» ААКнын Коррупцияга каршы саясатын» бекиткен, өз кезегинде ал Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзам талаптарын жүзөгө ашыруунун бирдиктүү ыкмасын аныктайт. Коррупцияга каршы саясат Банктын коррупцияга каршы туруу жаатындагы негизги документи болуп саналат жана өзүнө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча чараларды камтыйт. Саясат коррупцияга каршы туруу талаптарын жана принциптерин так аныктайт, ошондой эле Банктын, акционерлердин, башкаруу органдарынын жана кызматкерлердин мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өнөктөштөр, кардарлар жана үчүнчү жактар менен болгон өз ара аракеттери боюнча жол-жоболорду сыпаттайт. Кабыл алынган документте Банк өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда ар кандай кылмыштуу көрүнүштөрдөн баш тартаарын, этикалык нормаларды, ачык жана чынчыл бизнести жүргүзүү принциптерин сактай тургандыгын, ошондой эле корпоративдик маданиятты жакшыртууга умтулаарын, корпоративдик башкаруу боюнча мыкты практикаларга дит коёорун жана Банктын ишкердик беделин колдой тургандыгын ачык жарыялайт. |
|
2021-жылдын 18-19-июлдарында "Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү Атанова Гульсаара Тургумбаевна, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көмөлдөө Мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын көзкарандысыз директорлор палатасы тарабынан уюштурулган “Корпоративдик башкаруу негиздери: принциптери, ролдору, мыкты тажрыйбалар жана капиталды тартуу үчүн ачыктык” деген темадагы тренингке катышып келди. Иш-чаранын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасындагы корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбаларын жана улуттук коропорацияларды күчтөө аркылуу сапаттуу инвестицияларды тартуунун жаңы парадигмасын иштеп чыгышты. |
|
Ар жылы 10-майда белгиленүүчү Банк кызматкеринин күнү – Кесиптик майрамынын урматына «Кыргызстан банктар биримдиги» «Керемет Банк» ААКнын Дайындоолор жана сыйлыктар боюнча комитетинин сунушуна ылайык «Өз ишине чындап берилгендигин, профессионалдык жана жеке сапаттарын, ошондой эле Банк ишинин туруктуу өнүгүүсүнө, корпоративдик башкаруу системасынын жакшыруусуна кошкон олуттуу салымын» эске алуу менен «Керемет Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы Душеналиев Сейтек Кубанычбековичти Ардак грамота менен сыйлаган. «Керемет Банк» ААКнын эмгек жамааты Сейтек Кубанычбековичти алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана келечекте дагы далай албан ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектеш экендигин билдирет! |
|
2021-жылдын 15-16-апрелдеринде "Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик (экстремисттик) ишти каржылоого жана каршы аракеттенүү” квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөрүн арттыруу программасына катышышты. |





