Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитет

Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитет

Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитет – Банктын каражаттарын тескөө боюнча бирдиктүү саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылган, ошондой эле финансы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү орун алуу шарттарын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды чечүү менен иш алып барган коллегиалдуу орган. Комитеттин негизги функциясы болуп, төлөө мөөнөттөрү боюнча активдердин жана пассивдердин  оптималдуу түзүмүн аныктоо саналат.

Комитет функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү негизги милдеттерди жүзөгө ашырат:

  • "Керемет Банк" ААКсынын оптималдуу өтүмдүүлүк деңгээлин  колдоп туруу боюнча багыттарды аныктоо;
  • пайыздык ченди жөнгө салуу;
  • башка контрагенттердин алдындагы өзүнүн карыздык жана каржылык милдеттерин өз учурунда жана толугу менен аткарууну камсыз кылуу боюнча багыттарды аныктоо.

Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитеттин ишине "Керемет Банк" ААКсы Банк Башкармалыгынын Төрагасы Бербаев Тимур Омурбекович жетекчилик кылат.

close