Корпоративдик катчы

Корпоративдик катчы

"Керемет Банк" ААКсынын корпоративдик катчысы бул, банк менен акционерлердин, акционерлер менен Директорлор кеңешинин, банктын Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын алдындагы кызматтар жана башка органдар ортосундагы тутумдаштырылган коммуникацияны камсыз кылган адам. Банктын башкаруу органдары менен кызмат адамдарынын ортосундагы алгылыктуу корпоративдик өз ара катышка, ошондой эле банктын кызыкчылыктарында корпоративдик чечимдерди өз учурунда жана сапаттуу кабыл алууга өбөлгө түзүү аркылуу, банктын жогорку жана байкоочу органдарынын ишин уюштуруу менен корпоративдик башкарууну өркүндөтүү жүрүмүнө көмөктөшөт. Корпоративдик катчы, корпоративдик башкаруу жөнүндө жобону колдонуу менен алардын ишкердигине тиешелүү маселелер боюнча Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн кеңешчи ролун аткарат, ошондой эле банктын Акционерлеринин жалпы жыйналышынын жана Директорлор кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашырууга мониторингди жүзөгө ашырат. Корпоративдик катчы, милдеттерин көзкарандысыз негизде жүзөгө ашырган банктын кызмат адамы болуп саналат. 

Банктын Корпоративдик катчысы - Мамбеткадыров Болот Нургазиевич

Н. Исанов атындагы КМКТАУ алдындагы Экономика жана менеджмент институтун «Эларалык экономикалык мамилелер» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Bishkek Finance Инвестициялык активдер боюнча Башкаруу компаниясында баштаган. 2009-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк Мамлекеттик кызматынын Баалуу кагаздары рыногуна көзөмөлдүк бөлүмүндө эмгектенген, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунда жетекчилик орундарда кызмат өтөгөн. 2013-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында ар кыл коммерциялык  уюмдарда корпоративдик катчы, экономист, сатып алуулар жана тендерлер боюнча менеджер, директордун брокердик иш боюнча орун басары кызматтарын аркалаган.  2017-жылдын мартынан тартып банктын командасына кошулган, ал эми 2017-жылдын ноябрынан тартып "Керемет Банк" ААКсынын корпоративдик катчысы кызматында иштеп жатат.

Тел.: + (996) 55 44 44 (кошумча 2015)

Эл. почта: bmambetkadyrov@keremetbank.kg

close