Директорлор кеңеши
Муратбеков Жеңишбек Алимбекович
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы
Муратбеков Жеңишбек Алимбекович мамлекеттик органдарда 30 жылдан ашык тажрыйбага ээ, анын ичинде 18 жылдан ашыгы финансы-экономикалык тармакта иштеген. Мамлекеттик кызматтарда иштеген жылдарында ал өзүн каржылык көзөмөл, экономикалык коопсуздук жана башкаруу жаатында терең тажрыйбасы бар, жогорку деңгээлдеги адис катары көрсөтө алды. 2025-жылдан тарта "Керемет Банк" ААКда иш тажрыйбасын улантып, банктын корпоративдик башкаруусун жана стратегиялык багыттарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. 2026-жылдын январь айында ал Директорлор кеңешине шайланган.
Дмитрий Шпильчин
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү.
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Дмитрий Шпильчин өзүнүн эмгек жолун 2005-жылы "Казакстан Халык Банк" ААКнын Караганды аймактык филиалында чекене соода операциялары боюнча менеджердин жардамчысы болуп иштеп баштаган. Андан кийин ошол эле Казакстанда Караганды аймактык филиалында Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, банктын башкы кеңсесинде улук жана башкы менеджер кызматтарын аркалаган.
Исраилов Бакытбек Расулович
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү
Исраилов Бакытбек Расулович 2-класстагы мамлекеттик жарандык кызмат кеңешчиси жана "Финансы жана экономиканын отличниги" төш белгиси менен сыйланган.
Ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ал Экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунда жана Финансы-кредиттик фонддо жетекчилик кызматтарды ээлеген, анын ичинде башкармалыктын начальниги жана аймактык бөлүмдөрүн жетектеген. 2024-жылдан 2026-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы-кредиттик фонддун төрагасынын орун басары.
Калиева Арайлым Назаровна
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү
Калиева Арайлым Назаровна корпоративдик кредиттөө жана банк бөлүмдөрүн башкаруу жаатында 18 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар тажрыйбалуу банктык топ-менеджер.
2024-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын октябрь айына чейин "Керемет Банк" ААКнын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, кредит берүү, маркетинг жана бэк -офис тармактарын көзөмөлдөп иштеп келген.
Буга чейин ал Евразия банкында жана Сбербанкында (Казакстан) жетекчилик кызматтарды ээлеп, корпоративдик бизнести өнүктүрүү, кардарларды тартуу, бүтүмдөрдү түзүмдөө жана бизнес көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн жооптуу болгон.
Ал командаларды башкаруу, стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу, банк продуктыларын чыгаруу жана ири масштабдуу кредиттик бүтүмдөрдү коштоо жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.
Боронбаева Гульнара Сатаровна
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү
Боронбаева Гульнара Сатаровна банк тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис, бухгалтердик эсеп, кредиттөө, ички аудит жана тобокел-менеджмент башкаруу жаатында терең тажрыйбага ээ.
Ал кесиптик карьерасын "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААКда баштаган, ал жерде экономисттен баштап, филиалдарды башкаруу, кредиттик мониторинг жана ички аудит сыяктуу тармактарда иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн.
Андан кийин ал карьерасын Mбанкта улантып, Методология бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп ички банк процесстерин жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү үчүн жооптуу болгон.
Тобокелдиктерди башкаруу, ички көзөмөл системаларын түзүү жана банктын методологиялык базасын өнүктүрүү жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.
