Банк жөнүндө

Банк жөнүндө

«Керемет Банк» ААКсы «Росинбанк» ААКсынын укуктарынын, активдеринин жана милдеттеринин укук мураскору болуп саналат. 2018-жылдын октябрь айынан тартып, 2020-жылдын декабрында  жарыяланган акыркы эмиссиядан кийинки үлүшү 97,45 пайызга жеткен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын акциялар топтомунун негизги ээлик кылуучусу катары аталган.

«Керемет Банк» ААК – универсалдуу жана өнүккөн регионалдык каржы институту болуп саналат. Ал банктык жабдуулардын бирден бир тармакташкан  инфраструктурасына, ошондой эле рыноктун бардык сегменттери үчүн ылайыкташкан кызмат көрсөтүүлөрдүн эң кеңири спектрине ээ. Ийкемдүү тарифтик саясатты жана тейлөөнүн заманбап стандарттарын сунуштоо менен Банк өз кезегинде эл аралык стандарттар боюнча иш алып барат. Кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен «Керемет Банк» республиканын бардык региондорундагы корпоративдик жана чекене кардарлардын жүз миңдеген кардардык базасын тейлеп келет. Банк өз ишинде оперативдүүлүккө, тактыкка жана ар бир кардарга жекече мамиле жасоо принцибине таянат.

Накталай эмес төлөмдөрдү арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын активдүү катышуучусу катары «Керемет Банк» өлкөнүн бардык аймактарында банк инфраструктурасын кеңейтүү жана калктын банктын кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди активдүү жүзөгө ашырып келишет. Банк пластик карттарын тейлөө, эмгек акы долбоорлордун саны жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарнын ичинде алдынкы орундарда турат. «Керемет Банк» ААКсы республикадагы банктык жабдуулар саны боюнча Кыргызстандагы финансы мекемелеринин арасында лидерлердин бири болуп саналат. «Элкарт» улуттук төлөм тутумунун активдүү катышуучусу жана VISA, UnionPay, «Золотая корона» жана «МИР» сыяктуу эл аралык төлөм тутумдарынын расмий мүчөсү (Банк россиянын «МИР» төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөөнү кабыл алууну Кыргызстандын финансы мекемелеринин ичинен эң алгачкы болуп баштаган).

«Керемет Банк» ААК «Социалдык ипотека» өндүрүмүнүн алкагында бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерди активдүү колдоого алып келет. Банк Кыргызстан боюнча корпоративдик кардарларды, орто жана чакан бизнестин кардарларын колдоого алуу, өндүрүш жана кайра иштетүү, туризм, соода, айыл чарба, транспорт жана байланыш, турак жай курулушу, билим берүү жана медицина, ошондой эле аймактардагы экспортко ыкташкан долбоорлор чөйрөсүндөгү жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды каржылоо менен максаттуу программаларды колдоого алат.

«Керемет Банк» ААКсы - жогорку технологияларды колдонуу боюнча лидер: өз ишинде инновациялык CRM-тутумду, заманбап мобилдик жана интернет-банкингди колдонот, алар рынокто атаандаштык позицияны кармап турууга жана инновациялык технологияларды алдыга жылдырууга мүмкүндүк берет.

close