Кара-суу шаарындагы Сактык кассанын Насыялоо бөлүмүнүн адиси
Аймак:: Ош облусу
Жарык көргөн күнү: 14 баш оона 2024
Кызматы:
Кара-суу шаарындагы Сактык кассанын Насыялоо бөлүмүнүн адиси
Квалификациялык талаптар:
- жогорку экономикалык билим;
- банк чөйрөсүндөгү иш стажы барларга артыкчылык берилет;
- MS Office (Word, Excel) пакеттерин тажрыйбалуу керектөөчүнүн деңгээлинде билүүсү;
- иштиктүү кат алышууларды жана иштиктүү өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү таалими;
- ЕӨРБ системасы боюнча насыялар менен иштөө стажына ээ болуусу.
Талапкер төмөнкүлөрдү билүүсү керек:
- КР Мыйзамдарын, КР Улуттук Банкынын ченемдик-укуктук актыларын, Банктын ички ченемдик документтерин;
- эмгекти коргоо эрежелерин жана ченемдерин, коопсуздук жана өрткө каршы коргонуу техникасын;
- иштиктүү баарлашуу этикасын, ишкердик контактарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибин;
Негизги милдеттери:
- кардарларды издөө, тартуу, консультациялоо жана тейлөө;
- насыя берүү боюнча документтерди тариздөө;
- насыя берээрдин алдында топтолгон документтердин толук экендигин, жарактуу мөөнөтүн жана шайкештигин текшерүү;
- кардардын бизнесине финансылык анализ өткөрүү;
- көйгөйлүү насыялар менен иш алып баруу;
- банктык кепилдиктер боюнча иш алып баруу.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат