Чекене кредит өндүрүмдөрүн иштеп чыгуу бөлүмүнүн менеджери
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 14 баш оона 2024
Кызматы:
Чекене кредит өндүрүмдөрүн иштеп чыгуу бөлүмүнүн менеджери
Квалификациялык талаптары:
- Жогорку экономикалык билими;
- Банк тармагындагы кеминде 1 жылдык иш стажы;
- Банктагы негизги бизнес – процесстерди билүүсү, чекене кредит өндүрүмдөрүн иштеп чыгуу жаатындагы иш тажрыйбасынын болуусуна артыкчылык берилет;
- КРнын, КРУБдун банк, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын зарыл болгон өлчөмдө билүүсү;
- Иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү жана жолугушуу өткөрүү көндүмдөрүнүн болуусу.
Негизги милдеттери:
- Атаандаштык чөйрөгө жана керектөөчүлүк талаптарга анализ жүргүзүү;
- Керектөөчүлүк талаптардын багыттарын иликтөө, кардардык аракеттерди анализдөө, изилдөө иштерин өткөрүү;
- Жаңы чекене кредит өндүрүмдөрүн иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Техникалык тапшырмалырды жазуу, бизнес – процесстерди сыпаттоо, ченемдик жана долбоордун документтерди иштеп чыгуу;
- Чекене кредит өндүрүмдөрдү техникалык жактан жүзөгө ашыруу үчүн бизнес-талаптарды иштеп чыгуу
- Өндүрүмдөрдү жайылтуу жана коштоо боюнча иштердин аткарылышына контролдук кылуу;
- Тапшырмалардын көп багыттуулугуна жана такай мүнөздө өнүктүрүп туруу зарылчылыгына даярдык;
- Демилгелүүлүк, долбоорлорду өз алдынча жүргүзүү жана дедлайнды сактай билүү жөндөмү.
Шарттары:
- КР Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуу;
- Өнөктөштүк мүнөзүндөгү эмгек акы;
- Банк эсебинен окуу;
- Корпоративдик иш-чаралар;
- Эмгек акынын туруктуу мүнөзү жана айына 2 ирет төлөнүшү
- Ири жана туруктуу банкта иштөө тажрыйбасы.
Резюмени төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүү зарыл: hrm@keremetbank.kg
* Банк аңгемелешүүгө ылайык деп тапкан талапкерлерди чакыруу укугун өзүндө калтырат.