МTБ системалык жана бизнести талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 22 баш оона 2024
Кызмат орду:
МTБ системалык жана бизнести талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Квалификациялык талаптар:
- жогорку техникалык же экономикалык билиминин бар болушу;
- финансы жана банк тармагында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- долбоорду башкаруу же бизнести талдоо боюнча тажрыйбасынын бар болушу;
- квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы тууралуу адистештирилген сертификаттарга ээ болуу артыкчылыгы;
- заманбап техникалык каражаттарды жана компьютердик технологияларды колдонуу менен маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ болуу;
- банк ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын билүү;
- көйгөйлөрдү чечүү жолдорун таба билүү жана талдоо;
- өз оюн так жана сабаттуу айта билүү;
- Банк-ФТБ AБС программасын билгендиги коштолот.
Негизги милдеттери:
- Банктын бизнес талаптарын, банк ишинин технологиялык процесстерин чогултуп иштеп чыгуу жана талдоо;
- банк тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жаңы инструменттерди жана технологияларды киргизүү жана иштетүү үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу;
- колдонуучулардын суроо-талаптарына жана башка зарыл долбоордук документтерге ылайык автоматташтырылган банк тутумунун кошумча бөгөттөрүн түзүүгө жана/же өзгөртүүгө жана функционалдык техникалык шарттарды жана спецификацияларды иштеп чыгууга катышуу;
- Программалык продуктыларды ишке ашырууда тышкы камсыздоочулар/ички иштеп чыгуучулар менен өз ара аракеттенүү;
- Иштеп чыгуучулар үчүн тапшырмаларды коюу;
- Иштелип чыккан функциянын бизнестин талаптарына шайкештигин текшерүү;
- Жаңы чечимдерди жана системаларды ишке киргизүү процессине катышуу
Резюмени төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүү зарыл: hrm@keremetbank.kg
* Банк аңгемелешүүгө көбүрөөк туура келген кандидаттарды чакырууга укугу өзүндө калтырат.