Жаңылыктар

КЫРГЫЗСТАНДА ГЛОБАЛДУУ АКЧА ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

18 жалган куран 2024

Кыргызстанда 2024-жылдын 18-мартынан 24-мартына чейин Глобалдуу акча жумалыгы өткөрүлүп жатат. «Керемет Банк» ачык акционердик коому да бул саамалыкты өткөрүүгө кошулду. Анын алкагында банктын социалдык тармактардагы баракчаларына макалалар, посттор жарыяланат, ошондой эле  «Керемет Банк» ААКнын кызматкерлеринин балдары үчүн КР Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия жана Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинде каттоодо турган, турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөдөгү балдар үчүн «Акниет» борборунда финансылык сабаттуулук сабагы өткөрүлөт.

Глобалдык акча жумалыгы (  англ. тилинен Global money week (GMW)) - бул дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 170тен ашуун өлкөдө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чаралар өтүүчү кеңири компания. Кампаниянын түпкү максаты - адамдардын финансылык туруктуулугун жакшыртууга жардам бере турган акчаны сарамжалдуу сарптоо маданиятын жайылтуу.

Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери КР Улуттук банкынын  координациясы менен  министрликтер менен ведомстволордун, финансы институттарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен өткөрүлүп келет.

Кампаниянын бул жылдагы үгүт урааны - «Защити свои деньги, обеспечь своё будущее» - «Акча тапсан – сакта, келечекке пайда».

close