Жаңылыктар

Финансылык сабаттуулук бала кезден башталат!

14 чын куран 2025

2025-жылдын 11-апрелинде «Керемет Банк» кызматкерлеринин балдары үчүн Улуттук банктын Нумизматикалык музейине кызыктуу экскурсия уюштурду. Балдар ата-энелери менен кыргыз сому жана дүйнөлүк акча системасы тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты.

КРУБдун өкүлү Анара Сабыр кызы балдарга акчанын баалуулугун түшүнүп, аны үнөмдөөнү колдонуу бала чагынан башталышы керектигин белгиледи.

Экскурсия интерактивдүү форматта өтүп, ар бир катышуучу жаңы маалыматтарга жана КРУБдун белектерине ээ болушту. 

Бул иш-чара 8–15-апрель күндөрү өтүп жаткан Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өткөрүлүп, финансы тууралуу билим берүү — бала курактан башталаарын эске салды.

«Керемет Банк» мындай демилгелерди ар дайым колдойт жана билимге болгон инвестиция – эң баалуу инвестиция деп ишенет!



close