Жаңылыктар

Жеңиш күнүнүн алдында, 9-майга карата «Керемет Банк» ААКсынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барышты

7 бугу 2025

Жеңиш күнүнүн алдында, 9-майга карата «Керемет Банк» ААКсынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, алардын эрдигине жана кайратмандыгына терең ыраазычылык билдиришти.

Ардагерлерге банк жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан азык-түлүк топтомдору жана акчалай белектер тапшырылды.

Жолугушуунун майрамдык бөлүгү — фронтто ырдалган белгилүү «Смуглянка» ырынын аткарылышы болду. Бул ыр келгендердин ар бирин толкундантты.

Бизге, тынчтыкты тартуулаган баатырлар менен бирге болуу — сыймык! Алардын кайратмандыгы жана өз жанын аябаган эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен куттуктайбыз!






close