1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү.
"Керемет Банк" ААК биздин эң сүйүктүү, эң шайыр балдарыбызды Эл аралык Балдарды коргоо күнү менен куттуктайт! Балалыктын бейкапар кези мүмкүн болушунча узак болуп, бакыт менен коштолсун!
Ар бир бала бул майрам күнү эле эмес, башка күндөрү да мээрим жана камкордук менен курчалган болсун! Тилеген тилектер орундалып, ата-энелер ар дайым силер менен сыймыктана колдоп, жөлөк болуп жүрүшсүн! Өмүр жолуңарды ачык маанай-жылмаюу менен баскыла сүйүктүү биздин балдарыбыз!