Жаңылыктар

Аймактарды өнүктүрүү «Керемет Банктын» бардык долбоорлору аркылуу кызыл жип болуп өтөт

15 тогуздун айы 2019

«Керемет Банктын» бардык долбоорлорунда аймактарды өнүктүрүү кызыл жип болуп өтөт», - деп белгиледи банктын Директорлор кеӊешинин төрагасы Мэлис Мамбетжанов банктын атын өзгөртүү боюнча пресс-конференцияда. «Кыргызстандын банктарынын союзу» ЮЖБнин президенти Анвар Абдраев кошумчалады: «Бул банк капиталы боюнча эӊ ирилерден, жана ал бүгүн ушул жылы президент тарабынан берилген багыттарга ылайык, башкача айтканда аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, каржы ресурстарынын жеткиликтүүлүгү боюнча  абдан көп миссияларды аткарып жатат».

«Керемет Банк» бүткүл Кыргызстан боюнча заманбап санариптик чечимдерди колдонууга киргизүү үчүн ынгайлуу чөйрө түзүүнүн маанилүүлүгүн аӊдайт да, «Росинбанктын» мураскору катары, банк ипотекалык насыялоого жана инфратүзүмдү, байланышты, турак-жай курулушун жана экспортко багытталган долбоорлорду насыялоого адистешип, бардык аймактарда кардарларды тейлөөсүн улантат.

КРнын базарында жогорку технологияларды колдонуудагы лидерлердин бири катары, «Керемет Банк» эмитен эле бардык облустардын жашоочуларына ыӊгайлуу жана иштиктүү банктык чечимдерди сунуштап, IT-технологияларды колдонууга киргизет. Банк өз ишинде эӊ жаӊы CRM-тутумду, заманбап уюлдук жана интернет-банкингди колдонуп жатат, алар базарда атаанчыл турумдарды кармап турууга жана инновациялык технологияларды алга жылдырууга жол беришет.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын октябрынан тартып «Росинбанк» ААКнун акциялар топтомунун негизги ээлик кылуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп калды, 2019-жылдын майындагы кезектеги эмиссиядан кийин анын үлүшү 95%дан көптү түздү. 2019-жылдын августунда банктын акционерлеринин жалпы чогулушу «Росинбанк» ААКнун фирмалык аталышын «Керемет Банк» ААКуна өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды. Азыркы мезгилде банктын бардык филиалдары менен сактык кассаларынын ребрендинги жүргүзүлүп жатат, аны үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрына карата бүткөрүү мерчемделүүдө.

close