Жаңылыктар

«Керемет Банк» бизнес-насыялар боюнча коюмду сом менен жылдык 15%га чейин төмөндөтөт

28 тогуздун айы 2019

«Керемет Банк» ата мекендик бизнести колдоону улантат жана чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча акция башталганы жөнүндө жарыялайт.

Эгерде сиз бизнесмен болсоӊуз жана капиталдык сарптоолорду каржылоонун же жүгүртүүчү/негизги каражаттарды толуктоонун булактарын издеп жатсаӊыз, «Керемет Банктан» «Ишкердик өсүү» бизнес-насыясы боюнча төмөндөтүлгөн пайыздык коюмдардан пайдаланууга үлгүрүп калыӊыз – сом менен жылдык 15%га чейин!

Ата мекендик жеке ишкерлер жана бизнеси бар юридикалык жактар банктан 60 айга чейинки мөөнөттө 35 млн. сомго чейинки суммада насыя ала алышат. «Керемет Банктын» сунушу бир катар кошумча артыкчылыктарга ээ болот: насыяны тариздөө үчүн минималдуу талаптар, өтүнмөлөрдү ылдам кароо, ийкемдүү мөөнөттөр жана мөөнөтүнөн мурда төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү. Банктын адистери кардарлардын жекече керектөөлөрүн эске алып жана бардык пайда болгон маселелерди ыкчам чечип, аларды утурлай барууга дайыма даяр.

Банктын көптөгөн карыз алуучулары дагы бир ыӊгайлуулукту – банкка келбестен заманбап банктык шаймандардын жардамы менен төгүмдөрдү аралыктан салуу мүмкүнчүлүгүн баалашат: накталай акча каражаттары менен төлөм терминалдары жана банкоматтар (cash-in кызматы бар) аркылуу же накталай эмес ык менен кеӊири банкоматтык тармак аркылуу, ошондой эле уюлдук жана интернет-банкингдин жардамы менен.

Акциянын иштөө мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин. Сунуш жөнүндө кеӊири малыматты «Керемет Банктын» каалаган тейлөө чекитинен же күнү-түнү иштөөчү байланыш борборунан +996 312 55 44 44 телефону боюнча алууга болот.

close