Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган экоакцияда Кыргызстан I орунду ээледи. «Керемет Банк» бул Жеңишке өз салымын кошту!

31 тогуздун айы 2019

Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган эл аралык экоакциянын жыйынтыктары боюнча 180 катышуучу-өлкөнүн ичинен биринчи орунду ээледи. Жеӊиш жөнүндө билдирүүсү жана катышканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгы бар расмий кат дүйнөлүк кыймылдын өлкөдөгү өнөктөшүнө – «Эко Деми» коомдук фондуна - Let’s Do It («Жасайбыз!») эл аралык уюмунун штаб-квартирасынан келди.«Бул биздин жалпы жеӊишибиз. Анын ичинде сиздердин банктын колдоосунун аркасында биз ийгиликке жетиштик», - деп белгилешти «Эко Деми» фондунда. 

Планетаны коомдук пайдалануудагы жайларда таштандынын топтолуусунан тазалоо боюнча бүткүл дүйнөлүк экоакция 21-сентябрда болуп өттү. Бул күнү планетаны 58 миллион кайдыгер карабаган жашоочулар бир мезгилде тазалашты. Кыргызстанда аталган өнөктүктү көпчүлүк мамлекеттик органдар менен 7 миӊден ашуун коомдук жана коммерциялык уюмдар колдошту. 624 миӊ кыргызстандыктар бир күн ичинде 9 миӊ тоннадан ашуун таштанды чогултушту. 

«Керемет Банк» ААКнун кызматчылары дароо эки шаардык аймакка ишембиликке чыгышты, болжол менен 150 кап стихиялуу таштанды жыйнашты. Аны дароо пластикке, айнекке жана калган таштандыга сорттошту. Бир бөлүгүн кайра иштетүүгө жөнөтүштү, калганын муниципалдык таштанды полигондоруна чыгарышты. «Керемет Банк» «Эко деми» коомдук фондун Жеӊиш менен куттуктайт, жасалган зор иш жана планетаны глобалдуу булгоого каршы күрөшкө өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн алкыш айтат.

close