Жаңылыктар

"Керемет Банк" ребрендингди аягына чыгарды жана Кыргызстанда насыялоо базарын өнүктүрүүнү улантат

6 жетинин айы 2019

«Керемет Банк» ААК кайра каттоо жана банктын бардык филиалдык тармагын жана сатуу чекиттерин жаңы концепция боюнча кайра тариздөө менен байланышкан ребрендинг жараянынын негизги этабын аягына чыгарды.  

«Керемет Банк» ААКнун Башкармалыгынын Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгилегендей: «Банктын ребрендинги боюнча зор командалык жана кызыктуу жумуш жасалды. Алдыда банкты андан ары өнүктүрүүгө жана тандалып алынган стратегияны ишке ашырууга багытталган дагы чоң жумуш турат. Биз калкка көрсөтүлүүчү каржылык кызматтар, ошондой эле турак-жайлык насыялоо үчүн да, бизнести өнүктүрүү үчүн да жеткиликтүү коюмдар боюнча насыялык ресурстар убакыттын өтүүсү менен микро гана эмес, макроэкономикалык да майнап берерине ишенебиз».

2019-жылдын октябрында «Керемет Банк» «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында сом менен жылдык 6%дан 8%га чейинки коюм боюнча, 15 жылдык мөөнөткө чейин дагы 109 үй-бүлөгө турак-жай сатып алууга жардамдашты. 2019-жылдын 30-майынан тартып бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларына 750 млн. сом суммасында бардыгы 520 ипотекалык насыялар берилди, мында мурдагыдай эле аймактар алдыда келатат: 227 насыя - Бишкекте, 293 насыя – облустарда, бул 56 %ды түздү.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын октябрынан баштап Банктын акциялар топтомунун негизги ээлик кылуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп калды, 2019-жылдын майындагы кезектеги эмиссиядан кийин анын үлүшү 95%дан ашуунду түздү. «Керемет Банк» ААК «Росинбанк» ААКнун укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин мураскору болуп саналат.

close