Жаңылыктар

«Керемет Банктан» жаңы өнүмдөр: сом менен жылдык 12%дан «Турак-жайлык-сактык» салымы жана ипотекасы

15 жетинин айы 2019

Өз турак-жайыӊыз тууралуу эбактан бери эңсейсиз, бирок азырынча ипотека алуу үчүн баштапкы төгүм жок? «Керемет Банк» өзүнүн кардарлары үчүн кыялдагы үй жөнүндө бардык камкордукту өзүнө алууга даяр.

2019-жылдын 15-ноябрынан тартып «Керемет Банк» физикалык жактардын баштапкы төгүмдү 2-3 жыл ичинде максаттуу топтоосу жана анын негизинде кийин жеңилдиктүү ипотека алуусу үчүн атайын программаны ишке киргизет.

«Турак-жайлык-сактык» салымы 24 айдан 36 айга чейинки мөөнөттө ачылат, мында салынуучу төлөмдөргө дароо пайыздар эсептелет – жылына 3-4%. Депозиттик эсепте сатылып алына турган турак-жайдын наркынын 30 пайызын топтогон соң кардар «Керемет Банктан» тандалып алынган үйдүн же батирдин баасынын калган 70 пайызы өлчөмүндө «Турак-жайлык-сактык ипотекасын» ала алат. Ипотекалык насыянын суммасы - 350 000 сомдон 7 000 000 сомго чейин, жылдык 12%дан 14%га чейинки пайыздык коюмдар менен 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

«Турак-жайлык-сактык» программасы Тоголок Молдо көчөсү 40/4 дарегиндеги "Керемет Банк-Бишкек" борбордук филиалында ишке киргизилген. Бардык кошумча суроолорду «Бишкек» филиалынын адистерине, ошондой эле күнү-түнү иштөөчү байланыш борборунун операторлоруна (0 312) 55 44 44 телефону боюнча же банктын расмий сайты аркылуу берүүгө болот.

«Керемет Банк» менен чогуу өз кыялыӊыздагы үйгө акча топтоңуз!


close