Жаңылыктар

«Керемет Банктан» «Социалдык ипотека» Кыргызстандын аймактарында улантылып жатат

18 жетинин айы 2019

«Керемет Банк» ААК 2019-жылдын 18-ноябрынан баштап Бишкек шаарында «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында турак-жайлык насыялоо боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алууну аягына чыгарат. Банк тарабынан көрсөтүлгөн күнгө чейин борбордон турак-жай сатып алууга алынган насыялык өтүнмөлөр, аныкталган тартипте карала турган болот.   

2019-жылдын 18-ноябрынан баштап ушул насыялык өнүм боюнча каржылык ресурстар «Керемет Банк» ААКнун филиалдык тармагы аркылуу Кыргызстандын аймактарында иштеп жатышкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнө турган болот.

Бул чечим 2019-жылдын майынын аягынан тартып «Керемет Банк» борбордун бюджеттик кызматкерлерине 430 млн. сом суммасында 244  насыялык өтүнмөнү ийгиликтүү канааттандырганына, жана 2019-жылдын 15-ноябрына карата абал боюнча «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында берилген насыялар менен кабыл алынган өтүнмөлөр Бишкек шаары үчүн аныкталган лимитке чукулдаганына байланыштуу кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылдын ноябрынын ортосуна карата Кыргызстандын 555 үй-бүлөсү жылдык 6%дан 8%га чейинки коюмдар боюнча 15 жылга чейинки мөөнөттө жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашуун ипотека алышты.

Бишкектиктерде жеткиликтүү турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү калсын үчүн, «Керемет Банк» атайын борбордун тургундары үчүн физикалык жактар тарабынан баштапкы төгүмдү максаттуу топтоо жана анын негизинде кийин жеңилдиктүү ипотека алуу үчүн жаңы өнүмдөрдү: сом менен жылдык 12%дан «Турак-жайлык-сактык салымын» жана «Турак-жайлык-сактык ипотекасын» ишке киргизди.

«Социалдык ипотеканын» алкагында турак-жай насыясын алуу жана «Керемет Банктын» башка кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык суроолорго жоопторду аймактык филиалдардан, күнү-түнү иштөөчү байланыш борборунан 0 312 55 44 44 телефону боюнча же расмий сайттан алууга болот.

close