Жаңылыктар

«Керемет Банктан» Visa Infinite картасы менен дүйнөлүк аэропорттордун миңден ашуун бизнес-залдарынын эшиктери акысыз ачылат

21 жетинин айы 2019

Visa эл аралык төлөм тутуму Visa Infinite картасын кармоочулар үчүн Lounge Key акциясын узартат, 2020-жылдын 31-декабрына чейин бүткүл дүйнө боюнча Lounge Key лаунж-залдарына 6 акысыз баруу берет. Мында Priority Pass карточкаларынын иштөөсү 2019-жылдын 1-декабрынан тартып токтотулат.

Картанын ээсине бүткүл дүйнөнүн аэропортторунун 1000 ашуун бизнес-залдарынын кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү болуп калат: желдеткичи бар ыңгайлуу күтүү үчүн жай, душ кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, Wi-Fi, телевизор, тандоого жараша суусундуктар жана нанүштөлөр.

Кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу үчүн Visa Infinite картасын, отургузуу талонун жана өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү жетиштүү. Өзү менен чогуу 6 адамга чейин алып өтүүгө болот, коштоочулардын ар бири үчүн баруунун наркы 32 АКШ долларын түзөт, алар Visa Infiniteнин ээсинин карталык эсебинен чыгарылып салынат.

Аэропорттор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги программанын сайтында жана уюлдук тиркемеде жеткиликтүү. Кененирээк төмөнкү шилтеме боюнча: https://cis.visa.com/ru_TJ/pay-with-visa/promotions/lounge-key.html

close