Мерчемдүү техникалык жумуштар
Урматтуу кардарлар!
Сиздерге 2019-жылдын 1-декабрынын 19:00дөн 2019-жылдын 2-декабрынын 01:00нө чейин (жекшембинин кечинен дүйшөмбүнүн түнүнө чейин) Банк тараптан Банктын түйүнүн жаңылоо боюнча техникалык жумуштар жүргүзүлө турганы жөнүндө билдиребиз.
Ушуга байланыштуу, "Керемет Банк" ААКнун перифериялык түзүлүштөрү: банкоматтар, POS-терминалдар жана төлөм терминалдары жеткиликсиз болушат.
Зарылдык болгон учурда, сиздер башка банктардын банкоматтары менен терминалдарын пайдалана аласыздар.
Пайда болгон ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүӊүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!