Жаңылыктар

Жалалабат облусунда «Керемет Банктын» жаӊы сактык кассасы ачылды

3 бештин айы 2019

Филиалдык тармакты аймактарда кеӊейтүү «Керемет Банктын» өнүгүү стратегиясындагы артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Акыркы айлар ичинде жаӊы сактык кассалары өлкөнүн түрдүү калктуу конуштарында ачылды: Караколдо, Таласта, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Ноокатта жана эми Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында Гагарин көчөсү, 2/3 дареги боюнча.

Жаӊы заманбап тейлөө чекити шаардын ишкер борборунан борбордук базардын аймагынан ыӊгайлуу орун алган, ал жерде коммерциялык банктар, азык-түлүк жана чарбалык дүкөндөр, соода павильондору, кафелер менен ашканалар, оӊдоочу устаканалар жана унаа маршруттары топтолгон.

Сактык кассасы физикалык жана юридикалык жактарга банктык ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеӊири тизмегин көрсөтөт: эсептешүү-кассалык жана валюталык-алмашуу операциялары, депозиттер, насыялар, шашылыш акча которуулар, улуттук жана эл аралык тутумдардын төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө, ошондой эле башка талап кылынган кызмат көрсөтүүлөр.

Жаӊы тейлөө чекитинин эшиктери иш күндөрүндө 8:30дан 17:30га чейин, 12:0дөн 13:00гө чейин түштөнүүгө тыныгуу менен ачык болот. «Керемет Банктын» филиалдык тармагынын иштөөсү жөнүндө кыйла кеӊири маалыматты күнү-түнү иштөөчү байланыш борборунан (0312) 55 44 44 же (0 557) 55 44 44 (W/А) телефондору боюнча, ошондой эле банктын сайтынан алууга болот. Кош келиӊиздер!

close