Жаңылыктар

«Керемет Банк» Евразия Өнүктүрүү Банкы менен өнөктөштүк мамилелерди түздү

20 бештин айы 2019

«Керемет Банк» Евразия Өнүктүрүү Банкында (ЕАӨБ) төрт валютада: орус рублинде, казак теӊгесинде. АКШ долларында жана евродо корреспонденттик эсептерди ачты. Эми түзүлгөн өнөктөштүк мамилелердин аркасында, биздин жакын коӊшуларыбыз – Россия жана Казакстан менен экономикалык жана соода байланыштары бар бизнесмендер – экспорттук-импорттук операциялар боюнча ушул өлкөлөрдүн улуттук валюталарында ылдам жана минималдуу сарптоолор менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзө алышат.

  • «Керемет Банк» дайыма мыкты каржылык чечимдерди табууга жана өз кардарлары үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө аракеттенип, өлкөнүн ичинде да, анын чектеринен сырткары да эсептешүүлөрдүн ыӊгайлуу тутумун сунуштайт, - деп айтат «Керемет Банк» ААКунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Уланбек Акимканов. – Биздин банк ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу банктык кызматташуу куруп, корреспонденттик тармакты кеӊейтүүнүн үстүнөн дайыма иштейт».

ЕАӨБ – мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде уюштурулган жана евразия мейкиндигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө көмөктөшүүгө чакырылган эл аралык каржылык уюм. Банк евразия аймагында ири инвестициялык долбоорлорду насыялоону жүзөгө ашырат, жергиликтүү каржылык институттар менен активдүү иштейт. Евразия Өнүктүрүү Банкынын толук укуктуу катышуучулары: Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Россия Федерациясы.

Евразия Өнүктүрүү Банкына эл аралык жогору рейтингдер ыйгарылган. 2019-жылы эки ири эл аралык рейтингдик агенттиктер ЕАӨБнын оӊ динамикасын тастыкташты: Standard&Poor’s банктын рейтингин “BBB/A-2»ге чейин жогорулатты, Moody’s Investors Service туруктуу божомолу бар «Ваа1» узак мөөнөттүү рейтингин тастыктады.

Эл аралык операциялар жана корреспонденттик эсептер жөнүндө «Керемет Банкка» кайрылып, ошондой эле сайт аркылуу (сайка шилтеме) же, күнү-түнү иштөөчү байланыш борборуна +996 312 55 44 44 телефону боюнча чалып, кыйла кенен билүүгө болот. 

close