Жаңылыктар

«Керемет Банк» Жусуп Баласагын атындагы КУУнин студенттери үчүн мейман лекциясын өткөрдү

25 бештин айы 2019

«Керемет Банк» ААК Жусуп Баласагын атындагы КУУнин чакыруусу боюнча мейман лекциясына катышты. Студенттердин алдында чыгып сүйлөгөн банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Алыбаевич Алыбаев, өзү 25 жыл мурун ушул жогорку окуу жайдын экономика факультетин экономика жана пландаштыруу адистиги боюнча бүткөн.

Ал эми бүгүн Нарынбек Алыбаевич чейрек кылымдык банк стажына ээ болгон, алардын ичинен он жылдан ашууну – бир нече коммерциялык банктарда топ-менеджердик турумдарда жүргөң.

  • «Банктар базар мамилелеринин толук баалуу катышуучулары болуп саналып, мамлекеттин экономикасын колдоодо түйүндүү ролдордун бирин ойношот. Жаш адистерди даярдоонун деңгээли экономиканын ушул секторунун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болот, - деп ишенет Нарынбек Алыбаевич. – Ошондуктан «Керемет Банк» дайыма жаш адистер менен алакага барууга аракеттенет. Алар үчүн бул практиктерден кайталангыс билимдерди алууга жана кесибинде насаатчыларга ээ болууга эң сонун мүмкүнчүлүк». 

Практик банкирдин кесиптик тажрыйбасы студенттерге ушунчалык кызыктуу болду, бөлүнгөн убакыт бир көз ирмемдей учуп өтүп кетти. Болочоктогу каржычылар, эсепчилер, банкирлер жана салыкчылар эркин маектешүү калыбында мейман менен ата мекендик банк тутуму кандай түзүлгөнүн, анда КР Улуттук банкы кандай роль ойнорун, коммерциялык банктар кандай ченемдерди сактоого милдеттүү экенин талкуулоого үлгүрүштү, реалдуу кейстер аркылуу банктар өз ишмердүүлүгүндө кандай шаймандарды колдонушарын талдашты жана керек болсо эл аралык банк тажрыйбасы жөнүндө да сүйлөшүштү.

Студенттер өткөрүлгөн лекциянын пайдалуулугун да белгилешти жана мындай кездешүүлөрдү үзгүлтүксүз негизде өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Студенттер банк ишмердүүлүгү тууралуу жаңы билимдерден тышкары, лекция жөнүндө эстелик катары «Керемет Банктан» брендделген белектерди алышты, ал эми абдан активдүүлөрү – баалуу байгелерге ээ болушту.

close