Жаңылыктар

2019-жылдын жыйынтыктары боюнча «Керемет Банк» медаль жана ыраазычылык кат менен сыйланды

30 бештин айы 2019

Кызматчылар тарабынан өткөн жылы ичинде жасалган «Керемет Банк» ААКнун командалык иши, банк сектору боюнча өнөктөштөр тарабынан жогору бааланды. 2019-жылдагы иштин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ардактуу сыйлыктары менен «Керемет Банк» ААКнун дароо эки топ-менеджери сыйланды.

Өлкөнүн каржылык мекемелеринин жетекчилери катышкан салтанаттуу аземде өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча «Керемет Банк» ААКнун башкармалыгынын төрагасы ЖУМАБАЕВ  ЭРКИНБЕК АЛТЫМЫШЕВИЧ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын медалы менен, башкармалыктын төрагасынын орун басары АЛЫБАЕВ НАРЫНБЕК АЛЫБАЕВИЧ – ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Сыйлоо аземинде банктын аймактарды өнүктүрүүгө жана бир нече социалдык маанилүү долбоорлоррду ишке ашырууга кошкон салымы өзгөчө белгиленди.

Эң жаркын долбоордун бири – бул «Социалдык ипотека». Ушул долбоордун аркасында 2019-жылдын майынан декабрына чейин бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларынын 700дөн ашуун үй-бүлөсү өз турак-жайынын ээлери болуп калышты.  410 насыя (58 %) аймактардын тургундарына жана 293 – Бишкек шаарынын тургундарына жылдык 6%дан 8%га чейинки жеңилдиктүү коюмдар боюнча 15 жылга чейинки мөөнөттө бир миллиард сомдон ашуун жалпы суммада берилди.

  • «Керемет Банк» ААКнун командасын сыйлаганы жана банктын кызматчылары 2019-жыл ичинде жасашкан абдан маанилүү  жана көлөмдүү ишти жогору баалаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына терең ыраазычылык билдиребиз, - банктын башкармалыгынын төрагасы ЭРКИНБЕК ЖУМАБАЕВ сыймыктана белгиледи. – «Керемет Банктын» бүткүл жамаатынын эриш-аркак иштөөсүнүн аркасында жана банктын негизги акционеринин колдоосу астында биз бюджеттик кызматчылардын 700дөн ашуун үй-бүлөсүнүн турак-жай өңдүү маанилүү социалдык аспекттеги керектөөлөрүн канааттандыра алдык. Мындан тышкары, банктык жабдуунун саны боюнча флагман жана лидер болуп саналып, биз эң эле жакынкы мезгилде сатылып алынган 100 жаңы банкоматтарды республиканын алыскы райондорунда орнотууну аягына чыгарабыз. Бул долбоор, банк тарабынан ишке ашырылып жаткан интернет-банкинг жана уюлдук тиркеме түрүндөгү инновациялык технологиялар менен катар, аймактарды өнүктүрүүгө жана биздин өлкөнүн тургундарынын перифериялык жабдууларга жана санариптик технологияларга жетүүсүн кеңейтүүгө  багытталган».


close