Жаңылыктар

«Керемет Банктан» «Социалдык ипотека» аймактарда берилүүсү уланып жатат

16 үчтүн айы 2020

Бүгүнкү күндөн тартып «Керемет Банк» ААК «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында Чүй облусунун бюджетчилеринен турак-жайлык насыялоо боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алууну токтотот. Эки ай мурда бул долбоор Бишкек шаарында ийгиликтүү аягына чыкты. Сегиз айга жетпеген убакыттын ичинде 2020-жылдын 15-январына карата «Керемет Банк» борбор шаардагы жана Чүй облусундагы бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларына жылдык 6%дан 8%га чейин 15 жылдык мөөнөткө 726 млн. сомдон ашуун суммага 452 турак-жай насыясын берди.

  • Жалпысынан «Керемет Банктан» «Социалдык ипотеканын» аркасы менен Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан 734 үй-бүлө 1 миллиард 70 млн. сомдон ашуун суммага жеткиликтүү турак-жай сатып алышты.

Банк тарабынан Чүй облусунда көрсөтүлгөн күнгө чейин «Социалдык ипотекага» алынган насыя өтүнмөлөрү, аныкталган тартипте карала турганын белгилөө маанилүү. Калган аймактарда бюджеттик уюмдардын кызматчылары «Керемет Банктын» филиалдык тармагы аркылуу «Соицалдык ипотеканын» алкагында турак-жай аянтын сатып алууга мурдагыдай эле каржылык ресурстарды алууну улантышат.

«Социалдык ипотеканын» алкагында турак-жай насыясын алуу жөнүндө жана башка кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бардык суроолорду аймактык тейлөө кеңселеринин кызматчыларына, күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна 0 312 55 44 44 телефону же расмий сайт боюнча берүүгө болот.

close