Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кардарлары үчүн уюлдук телефондун жакшыртылган версиясы иштелип чыкты

31 үчтүн айы 2020

«Керемет Банк» сервистердин жакшыртуунун үстүндө дайыма иш алып барат жана өзүнүн кардарлары үчүн Android базасында иштеген, смартфондорго оптималдаштырылган мобилдүү тиркемени колдонууну сунуштайт.

Көптөр үчүн «Керемет Банктын» мобилдик тиркемеси жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды: ал көз ирмемде телефондун балансын, электрондук капчыкты толуктаганга, өз алдынча акча которууну, коммуналдык чыгымдарды жана башка көптөгөн белгилүү болгон сервистерди төлөгөнгө мүмкүндүк берет.

Азыркы күндө, жаңы нативдик версия иштелип чыккандыгынын аркасынан телефондогу бардык мобилдик банктык аракеттер батыраак ишке ашат, смартфон болсо иштетүү тутуму менен өз ара аракеттенип жана аз ресурс колдонуп экономдуу иштейт.

«Керемет Банктын» жаңы мобилдик тиркемеси 2020 жылдын 3-февралдан баштап жеткиликтүү болот, анны Play Market тен көчүрүп жана телефонго орнотуу зарыл, алдын ала эски версиясын өчүрүп салуу керек.

Эгерде сиз жаңы ылдамдыкка даяр болсоңуз, «Керемет Банктын» мобилдик тиркеменин жаңыртылган версиясын жүктөңүздөр жана  анын артыкчылыктарын сынаңыз. Эгерде суроолор бар болсо, банктын күнү-түнү иштеген контакт-борборуна (0312 55 44 44) кайрылыңыздар же бизге сайт аркылуу жазыңыздар.


close